Кабулда жан кечтилик кол салуу болду

Кол салууда 3 жаран каза болуп, 15 жаран жараланды.

1407767
Кабулда жан кечтилик кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда болгон жан кечтилик кол салууда 3 киши каза болду. Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арйен кол салуучунун денесине жабыштырган бомбаны Кабулдун Ришхор аймагында көп элдин арасында жардыргандыгын айтты.

Арйен кол салууда 3 жарандын каза болгондугун, 15 кишинин да жаралангандыгын маалымдады. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.

 



Тектеш кабарлар