Covid-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 210 миңден ашты.

1406482
Covid-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 211 миң 631ден , вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 65 миң 176дан ашты. Ал эми 900 миң киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 56 миң 245тен, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллиондон ашты.

Италияда пандемиядан бир күндө 333 киши каза болуп жалпы 26 миң 977ге жетти.  Бейтаптардын саны болсо 199 миң 414кө азайды.

Францияда акыркы 24 саатта 437 киши каза болуп жалпы 23 миң 293кө жетти. Өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 4 миң 711ге көбөйүп 196 миң 69 болду.

Англияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 360га көбөйүп жалпы 21 миң 92ге жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 4 миң 310го көбөйүп 157 миң 149га жогорулады.

Канадада коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миң 781ге, илдетке чалдыккандардын саны 48 миң 229га жетти.

Латын Америка өлкөсү Мексикада коронавирустан 24 саатта 46 киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги, вирусту жуктуруп алгандардын саны 14 миң 677ге жеткендигин билдирди.



Тектеш кабарлар