Батыш өлкөлөрү коронавирустан кутулуунун жолдорун издеп жатышат...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 203 миң 700дөн ашып кетти.

1405598
Батыш өлкөлөрү коронавирустан кутулуунун жолдорун издеп жатышат...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 203 миң 700дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 936 миң 300гө жетти.  Ал эми 841 миң 200дөн ашуун киши айыгып чыкты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 54 миңге чукулдап калды, жуктуруп алгандардын саны 940 миңге жетти.  Вирустан эң көп таасирленген Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо, Губернаторлуктун  токтому менен штаттагы дарыканаларга (Ковид-19)  тест  жасоо ыйгарым укугун берди.

Италияда пандемиядан көз жумгандардын саны бир күндө 415ке көбөйүп 26 миң 384кө жогорулады. Ушул убакка чейин каза болгондордун арасында 150 доктур бар. Өлкөдө бейтаптардын санында аптанын башынан бери азаюу көрүнүүдө. Учурда вирус аныкталган 105 миң 847 киши бар. Премьер-министр Жусеппе Конте, жугуштуу оорунун себебинен ишке ашырылган тыгыз карантин чара көрүүлөрүнүн курулуш, өндүрүш сыяктуу секторлор менен көп сандаган фирма үчүн 4-майдан тарта жеңилдетилиши үчүн иштеп жаткандарын айтты. Конте: «Бул карантинди дагы көпкө созудуктура албайбыз,өлкөнүн социо-экономикалык түзүлүшүндөбузулуу тобокелчилиги артат»,-деди.

Испанияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 288 кишиге көбөйүп 23 миң 190го жетти. Жуктуруп алгандардын саны 225 миң 488ге жогорулап, айыккандардын саны 3 миң 24 кишиге көбөйүп 98 миң 732 болду. Өлкөдөгү 17 автономиялуу өкмөттөрдүн премьер-министрлери менен видео конференция ыкмасы менен жыйналыш өткөргөн премьер-министр Педро Санчез, баскычтуу нормалдашуу процессинин алкагында 2-майдан тарта жекече түрдө көчөлөрдө спорт жана жүрүш үчүн чыгууларга уруксат берүүнү пландагандарын айтты. Испанияда сол коалициялык өкмөттүн күтүлбөгөн түрдө жасаган айрым жеңилдетүүлөрүнүн алкагында 43 күндүк мөөнөттөн кийин 14 жашка чейинки балдар да көчөгө чыга баштады.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 369га көбөйүп, жалпы 22 миң 614кө жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны да 1537ге көбөйүп жалпы 186 миң 358ге жетти.

Бельгияда болсо акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 178ге көбөйүп 7 миң 94кө жогорулады. Булардын 45 пайызы ооруканаларда, 53 пайызы картаңдар үйлөрүндө каза болду. Жуктуруп алгандардын саны да бир күндө 809га көбөйүп 46 миң  134 болду.

Каза болгондордун саны 4475 болгон Нидерландияда вирус аныкталган киши саны 37 миң 485ке жетти.

Бразилияда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 346га көбөйүп 4 миң 16га, илдеттке чалдыккандардын саны 5 миң 514кө көбөйүп 58 миң 509 болду.

186 киши каза тапкан, 3 миң 780 киши инфекцияга кабылган Аргентинада, пандемия менен күрөшүү үчүн 20-мартта жарыяланган карантин 3-жолу узартылды. Мамлекет башчысы Альберто Фернандес, алгач 12-апрель, андан соң 26-апрелге чейин узартылган алдын алуучу жана мажбур изоляциянын 10-майга чейин улана турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар