Хафтердин куралдуу кишилеринин кол салуусунда 3 жаран каза тапты

Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин рамазан айынын биринчи күнүндө борбор шаар Триполиге жасаган ракеталуу кол салуусунда 3 жаран каза тапты.

1404919
Хафтердин куралдуу кишилеринин кол салуусунда 3 жаран каза тапты

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин рамазан айынын биринчи күнүндө борбор шаар Триполиге жасаган ракеталык кол салуусунда 3 жаран каза тапты.

БУУ тарабынан таанылган Ливия ынтымактык өкмөтүнүн саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Еминел-Хашими Хафтер күчтөрүнүн кечээ Триполинин Айн Зара аймактарына ракеталуу кол салуу жасагандыгын айтты. Хашими жарандык отурукташуу жерлерине түшкөн ракеталардын 3 кишинин каза болушуна, бирөөсү африкалык болгон 3 кишинин да жараланышына себеп болгондугун айтты.

Хафтер күчтөрүнүн январь айынан бери Триполинин өзгөчө түштүк райондоруна аткан ракеталарынан улам араларында аялдар менен балдар да болгон ондогон жаран каза болуп, жүздөгөн жаран жараланган.



Тектеш кабарлар