Коронавирус азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда

Ковид-19дун таасирлерине байланыштуу эскертүү айтылды.

1403108
Коронавирус азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда

Коронавирустун экономикага жана өндүрүшкө терс таасирлеринин себебинен Батыш Африка өлкөлөрүндө орто эсеп менен 50 миллион киши ачкачылык коркунучуна дуушар болушу мүмкүн деп эскертилди.

Англияда жайгашкан Балдарды куткаруу фонду менен эл аралык 8 жарандык коомдук уюм, Ковид-19дун материктеги таасирине байланыштуу биргелешип жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө Ковид-19 пандемиясы, Батыш Африкада 17-50 миллион адамдын азык-түлүк коопсуздугу жана жетишсиз тамактануу менен бетмет-бет келишине себеп болушу мүмкүн» деп эскертилди.

Азык-түлүк коопсуздугунун камсыздалышы жана аяр топтордун корголуусу керектиги баса белгиленген билдирүүдө, антпесе ачарчылык жана азык-түлүк тартыштыгынын улана тургандыгы белигеленди.

Ошондой эле Батыш Африка өлкөлөрүндө айыл чарба азыктарынын экономикага чоң салым кошкондугу жана өзгөчө бул тармакта эмгектенген дыйкандарга колдоо көрсөтүлүшү керектиги айтылды.



Тектеш кабарлар