Ооганстанда губернаторго кол салуу болду

Хост провинциясынын губернаторулугунун басма сөз катчысы Идлиб Хан Мангал, бул тууралуу маалымат берди.

1402427
Ооганстанда губернаторго кол салуу болду

Ооганстандын Хост провинциясынын губернатору Мухаммед Халим Федаинин кызматтык унаасына кол салуу болуп 5 киши жаракат алды.

Хост губернаторлугунун басма сөз катчысы Идлибхан Мангал, медиага берген маалыматында губернатор Федаинин унаасы менен кеңсесин көздөй бара жатканда губернаторлукка жакын жердеги жолдун боюна жайгаштырылган бомбанын жардырылгандыгын айтты.

Жардыруудан губернатордун эки жан сакчысы жана 3 жарандын жаракат алганын маалымдаган Мангал, Федаинин жардыруудан жаркат албастан кутулганын билдирди.


Этикеткалар: #Ооганстандын

Тектеш кабарлар