Ким Чен Ындын операциядан кийин ден соолугунун бузулгандыгы билдирилди

АКШ чалгындоосунун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жүрөк операциясынан кийин  ден соолугунун начарлагандыгын айткандыгы билдирилди.

1402442
Ким Чен Ындын операциядан кийин ден соолугунун бузулгандыгы билдирилди

 АКШ чалгындоосунун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жүрөк операциясынан кийин  ден соолугунун начарлагандыгын айткандыгы билдирилди.

CNN телкөрсөтүүсүнө маалымат берген чалгындоо жетекчиси АКШнын Түндүк Кореянын лидери Кимдин бир операциядан кийин абалынын оор экендигине байланыштуу маалыматты карап чыккандыгын ортого салды. Кабарда башка бир америкалык жетекчи да Кимдин ден соолугуна байланыштуу маалыматтардын тууралыгын тастыктады бирок абалынын канчалык олуттуу экендигин аныктоо кыйын болгонун айтты.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги Йонхап болсо бул тууралуу кабарында Түштүк Корея чалгындоо кызматынын Түндүк Корея лидеринин ден соолугуна байланыштуу өзгөчө бир абалды көрбөгөндүгүн билдирди.

Агенттикке маалымат берген чалгындоо кызматынын жетекчиси Кимдин ден соолугунун бузулганына байланыштуу эч бир белгинин жок экендигин айтып Түндүк Корея лидеринин бир канча күн мурда эл алдына чыккандыгын билдирди.

Интернет аркылуу жарыялаган Daily NK гезитинде Ким Чен Ындын 12 -  апрелде жүрөк  - кан тамыр операциясы болгондугу жана Хянсан амагындагы турак жайында дарылангандыгы тууралуу маалымат орун алган.

Кимдин ден соолугунун көп тамеки тартуу, ашыкча семирүү жана көп иштөөдөн улам бузулгандыгы билдирилген кабарда Түндүк Корея лидерин дарылаган медициналык топтун көпчүлүгүнүн Кимдин ден соолугунун жакшырышы менен 19 -  апрелде Пхеньянга кайткандыгы, бир канча  дарыгердин айыгуу мезгилинде Кимди коштогондугу билдирилген.

Ким Чен Ындын  15 -  апрелде 1994 -  жылы  каза болгон өлкөнүн куруучусу болгон чоң атасы Ким Ыл Сунгдун төрөлүшүнүн 108 – жылына карата өткөрүлгөн аземге катышпашы, ден соолугуна байланыштуу сөздөрдүн чыгышына себеп болгон.



Тектеш кабарлар