СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү кырдаал

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза болгондордун жалпы саны 136 миңден ашты.

1399626
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндөгү кырдаал

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 136 миң 36 болду, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 100 миңден ашты. 523 миң 873 киши айыгып чыкты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда жалпы 30 миң 990 киши көз жумду. Илдеттен эң көп таасирленген Нью-Йоркто каза тапкандардын саны 11 миң 586га жетип, 200 миңден ашуун адамга вирус жукту.  

Италияда Ковид-19дан акыркы 24 саатта 578 киши каза болуп жалпы 21 миң 645ке жогорулады. Каза тапкан доктурлардын саны 121ге жеткен өлкөдө 165 миң 155 кишиде вирус аныкталды.

Испанияда каза тапкандардын саны 551ге көбөйүп 19 миң 130га, вирусту жуктургандардын саны 5 миң 183кө көбөйүп 182 миң 816га жетти.Испания өкмөтү Ковид-19дан улам жумушунан ажыраган жана кандайдыр бир жардам ала албаган 3 миллиондой кишиге "эң төмөнкү жан багуу" деп аталган айлык берет.

13 миң 729 киши көз жумуп, 98 миң 476 адамда вирус аныкталган Англияда чуулгандуу айтымдар талаш-тартыш жаратууда. Өлкөдөгү карылар үйүндө вирусту жуктуруп алгандардын каралбай өлүмгө ташталгандыгы жана бул жерлерде каза тапкандардын санынын 4 миңге жеткени айтылууда.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны 17 миң 167ге жогорулады. Ооруга чалдыккандардын саны 147 миң 863 болду. Атлантика океанындагы учак конуучу кемеси «Шарль де Голлдо» коронавирус аныкталган кызматкерлердин саны 668ге жеткендиги билдирилди. Кеменин 23-апрелде өлкөгө кайтышы пландалууда.

Германияда вирустун себебинен каза тапкандардын саны 3 миң 804кө жетти. Алардын 67си түрк жараны. Бул учурда өлкөдө Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн жеңилдетилиши максатында 20-апрелде дүкөндөр, 4-майда да мектептер жана чач тарачтар баскыч түрүндө ачылат. Ири масштабдуу иш-чараларды уюштуруу үчүн болсо 31-августка чейин тыюу салынат.

Нидерландияда илдеттен 3 миң 315 киши көз жумду. Каза тапкандардын 54ү түрк жараны. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 1 миң 61ге көбөйүп 29 миң 214кө жетти.

Бельгияда каза тапкандардын саны 4 миң 857ге, вируска чалдыккандардын саны 34 миң 809га жогорулады.

Бразилияда бир күндүн ичинде 204 адам көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны саны 25 миң 262ге жогорулады.

Австрияда 410 ада каза болуп, 14 миң 420 кишиде вирус табылды. Польшада болсо 292 киши көз жумуп, ооруну жуктуруп алгандардын саны 7 миң 771ге жетти. Чехияда каза тапкандардын саны 166га, вируска чалдыккандардын саны 6 миң 330 деп катталды.

Айрым Европа өлкөлөрүндөгү көрсөткүчтөр:

Швейцария 26422/1269, Португалия 18841/629, Румыния 7707/392, Норвегия 6798/150, Дания 6879/321, Финляндия 3369/72, Греция 2192/102, Хорватия 1791/35, Венгрия 1652/142, Словения 1268/61, Босния-Герцеговина 1167/43, Түндүк Македония 974/45, Болгария 783/37, Албания 518/26, Черногория 290/4.

Сербияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 103кө жогорулады. Вирус белгиленгендердин саны да 445кө көбөйүп 5318ге жетти.Өлкөдө Пасха майрамынын себебинен жума күнү саат 17:00ден шейшемби күнү саат 05:00ке чейин коменданттык саат ишке ашылырат.



Тектеш кабарлар