ДСУ Трампка каршылык көрсөттү

Гебрейсус ДСУнун АКШ калкы жана өкмөтүнүн колдоосу менен «эң жакыр» жана «эң коргоосуз» кишилерди саламаттык сактоо боюнча тейлегендигин белгиледи.

1399308
ДСУ Трампка каршылык көрсөттү

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУнун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейсус АКШнын президенти Дональд Трамптын ДСУга берген фондду токтотуу чечимин снааркоо менен кабыл алгандыгын билдирди.

Тедрос Адхамон Гебрейсус Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУ борборунда видео конференция ыкмасы менен пресс  - жыйын өткөрдү.

АКШнын ДСУ үчүн узун мөөнөттүү жана кең пейил дос экендигин белгилеген Гебрейсус : «Бул ушул бойдон улантылат деп үмүттөнөбүз. Трамптын ДСУга берген фондун токтотуу чечимин санааркоо менен кабыл алабыз»,- деди.

Гебрейсус ДСУнун АКШ калкы жана өкмөтүнүн колдоосу менен «эң жакыр» жана «эң коргоосуз» кишилерди саламаттык сактоо боюнча тейлегендигин белгиледи.

ДСУнун бир гана коронавирус менен эле күрөшпөгөнүн баса белгилеген Гебрейсус өзгөчө балдардын шал оорусу, кызамык, ысытма, эбола, ВИЧ, туберкулез, жетерсиз азыктануу, рак, диабет жана көптөгөн оорулар тууралуу иштерди алып баргандыгын айтты.

Дүйнөнүн «орток бир душман» менен бетме  - бет экендигин баса белгилеген Гебрейсус Ковид  - 19га каршы глобалдык колдошууга карата чакыруусун кайталады.

Дональд Трамп мурунку күнү Ак үйдө өткөрүлгөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча кызмат күчүнүн пресс  - жыйынында ДСУну Кытайдын диссертациясын жактоо жана Уханда эпидемиянын кандай жайылгандыгына байланыштуу ишенимдүү териштирүү жүргүзбөгөндүк менен күнөөлөдү. ДСУнун Кытай үчүн иштегендигин ортого салып : «Башкаруума ДСУга берген фондду токтотуу жолдомосун бердим. Баары ал жерде эмнелердин болуп жаткандыгын билишет»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар