Батыш өлкөлөрүндө күч алган коронавирус

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза болгондордун жалпы саны 132 миңден ашты.

1399002
Батыш өлкөлөрүндө күч алган коронавирус

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 132 миңден, жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 508 миңден ашты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда илдеттен эң көп таасирленген Нью-Йоркто каза тапкандардын саны 11 миң 586га жетип, 200 миңден ашуун адамга вирус жукту.  

Италияда Ковид-19дан акыркы 24 саатта 578 киши каза болуп жалпы 21 миң 645ке жогорулады. Каза тапкан доктурлардын саны 121ге жеткен өлкөдө 165 миң 155 кишиде вирус аныкталды.

12 миң 868 киши көз жумган Англияда чуулгандуу айтымдар талаш-тартыш жаратууда. Өлкөдөгү карылар үйүндө вирусту жуктуруп алгандардын каралбай өлүмгө ташталгандыгы жана бул жерлерде каза тапкандардын санынын 4 миңге жеткени айтылууда.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны 17 миң 167ге жогорулады. Атлантика океанындагы учак конуучу кемеси «Шарль де Голлдо» коронавирус аныкталган кызматкерлердин саны 668ге жеткендиги билдирилди. Кеменин 23-апрелде өлкөгө кайтышы пландалууда.

Германияда вирустун себебинен каза тапкандардын саны 3 миң 579га жетти. Алардын 67си түрк жараны. Бул учурда өлкөдө Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн жеңилдетилиши максатында 20-апрелде дүкөндөр, 4-майда да мектептер жана чач тарачтар баскыч түрүндө ачылат. Ири масштабдуу иш-чараларды уюштуруу үчүн болсо 31-августка чейин тыюу салынат.

Нидерландияда илдеттен 3 миң 134 киши каза тапты. Алардын 54ү түрк жараны. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 734кө көбөйүп 28 миң 153кө жетти.

Бразилияда бир күндүн ичинде 204 адам көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны саны 25 миң 262ге жогорулады.



Тектеш кабарлар