Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө абал начар

СOVID-19дан каза тапкандардын саны көбөйүүдө.

1398802
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө абал начар

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 126 миң 758ге, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 243кө жетти. Ал эми айыгып чыккандардын саны 484 миң 597ден ашты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 2 миң 420га көбөйүп 26 миң 64кө жетти, ооруга чалдыккандардын саны болсо 614 миң 246 болду. Пандемиядан эң көп таасирленген Нью-Йоркто 10 миң 58 адам көз жумуп, 200 миңден ашуун адамга вирустун жугушу тынчсыздандырууларды арттырууда.

Англияда Ковид-19дун айынан бир күндүн ичинде 761 адам каза болуп жалпы 12 миң 868ге жетти.

Ал эми Италияда бир күндүн ичинде 602 киши көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 21 миң 67ге жогорулады. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 162 миң 488ге, айыккандардын саны 37 миң 130га жетти.  

Испанияда болсо 18 миң 579 адам көз жумду, 174 миң 60 киши ооруга чалдыкты.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 562ге көбөйүп 15 миң 529га жетти. 6 миң 524 кишиде вирус аныкталып жалпы 143 миң 303 деп катталды.

Германияда кечээ дагы 8 түрк жараны коронавирустун себебинен каза тапты. Өлкөдө 64ү түрк 3 миң 424 адам көз жумду. Орто эсеп менен 132 миң 210 кишиде вирус аныкталды.

Нидерландияда каза тапкандардын саны 3 миң 134кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны 28 миң 153кө жетти.

Бельгияда жалпы 4 миң 440 өлүм катталып, 33 миң 573 кишиде вирус табылды. Өлкөдө пандемиянын себебинен каза тапкан түрк жарандарынын саны 31ге жетти.

Бразилияда 1миң 532 адам көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны саны 25 миң 684кө жогорулады.

Перунун президенти Мартин Визкарра болсо вирустун себебинен 230 кишинин каза тапканын, 10 миңден ашуун кишинин да жуктуруп алгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар