Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун таасири

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза болгондордун жалпы саны 125 миңге жетти.

1398265
Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун таасири

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 125 миңге жетип, жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 460 миңден ашты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 1 миң 533кө көбөйүп 23 миң 649га жетти, ооруга чалдыккандардын саны болсо 582 миң 634 болду. Пандемиядан эң көп таасирленген Нью-Йоркто 10 миң 58 адам көз жумуп, 200 миңден ашуун адамга вирустун жугушу тынчсыздандырууларды арттырууда.  

Ал эми Италияда бир күндүн ичинде 602 киши көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 21 миң 67ге жогорулады. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 162 миң 488ге, айыккандардын саны 37 миң 130га жетти.  

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 562ге көбөйүп 15 миң 529га жетти. 6 миң 524 кишиде вирус аныкталып жалпы 143 миң 303 деп катталды.

Германияда кечээ дагы 8 түрк жараны коронавирустун себебинен каза тапты. Өлкөдө 64ү түрк 3 миң 424 адам көз жумду. Орто эсеп менен 132 миң кишиде вирус аныкталды.

Бразилияда 1миң 532 адам көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны саны 25 миң 262ге жогорулады.

Перунун президенти Мартин Визкарра болсо вирустун себебинен 230 кишинин каза тапканын, 10 миңден ашуун кишинин да жуктуруп алгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар