Украинада атомдук станцияга жакын жерде болгон өрт өчүрүлдү

Украиналык жетекчилерден алынган маалыматка караганда өрт өчүрүү иштерине жүздөгөн чукул абал кызматкери учак жана тик учарлар менен катышты.

1398018
Украинада атомдук станцияга жакын жерде болгон өрт өчүрүлдү

Украинада колдонулбай калган Чернобль атомдук станциясына жакын жердеги токой өртү өчүрүлдү.

Украиналык жетекчилерден алынган маалыматка караганда өрт өчүрүү иштерине жүздөгөн чукул абал кызматкери учак жана тик учарлар менен катышты.

Экология активисттери 1986 -  жылы дүйнөнүн эң чоң атомдук апааты болгон станциянын жакынында чыккан өрттүн радиация коркунучун туудургандыгы тууралуу кечээ эскертишкен.

Чернобль тур оператору болгон Ярослав Емелианенко фейсбук  эсебинен берген маалыматында абалдын орчундуу экендигин белгилеп, өрттүн  Чернобль аянтындагы эң жогорку активдүү радиация калдыктары болгон жерден эки километр алыстыктагы кароосуз калган Припять шаарына жеткендигин билдирген.

Укрианынан ички иштер министрлиги берген маалыматында аймакта ачык бир өрттүн болбогондугун, токой тарабында жеңил  өрттүн болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар