Кытайда вакцина сыноолору

Кытайда жаңы тип коронавируска каршы чыгарылган бир вакцинанын клиникалык сыноолорунда экинчи баскычка өтүлдү.

1397931
Кытайда вакцина сыноолору

Кытайда жаңы тип коронавируска каршы чыгарылган бир вакцинанын клиникалык сыноолорунда экинчи баскычка өтүлдү.

«China Daily» гезитинде орун алган кабарга караганда Кытай Аскердик Медициналык Академиясынын биотехнология институтунда  иликтөөчүлөр тарабынан чыгарылган вакцинанын экинчи баскычтагы клиникалык сыноолору бейшемби күнү эпидемия ортого чыккан Ухань шаарында башталды.

Вакцинанын коопсуздугу тар предметтердин тобунда сыналышынан кийин экинчи баскычта вакцинанын кенен предметтер тобунда сыналышы максат кылынууда.

Вакцинанын клиникалык сыноолору 17 -  мартта бекитилген, биринчи баскыч март айында аяктаган. Экинчи баскыч ийгиликтүү боло утрган болсо үчүнчү баскычта 1000ден ашуун предметте сыналат.



Тектеш кабарлар