Айдоо аянттарын каптаган чегирткелер азык-түлүк каатчылыгына себеп болууда

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун билдирүүсү.

1397493
Айдоо аянттарын каптаган чегирткелер азык-түлүк каатчылыгына себеп болууда

Эфиопияда чөл чегирткелери айдоо аянттарын каптагандыктан 1 миллион киши ачкачылык коркунучу менен бетме-бет келди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун билдирүүсүндө, өлкөдө чегирткелердин орто эсеп менен 200 миң гектардык талаага зыян тийгизишинин 356 миң тонна эгиндин коромжуга учурашына себеп болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө чегирткелердин жайылышынын себебинен 1 миллион кишинин ачкачылыкка кабылганы жана чукул азык-түлүк жардамына муктаж экендери кабарланды.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Эфиопиядагы өкүлү Фатума Сеид буга байланыштуу билдирүүсүндө, чегирткелердин жайылуусу жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүгө туш келген бул мезгилде, элдин жашоо-тиричилигин коргоо үчүн бардык күч-аракеттер жумшалышы керек экенин айтты.

Бир канча айдан бери Чыгыш Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дан эгиндерине зыян тийгизген чегирткелер, күн сайын 150 чакырым жолду басып өтө алышат.

Бир чарчы километрге жайылган 40-80 миллион чегиртке бир күндүн ичинде 35 миң кишиге жете тургандай азыкты жок кылышат.



Тектеш кабарлар