ДСУ Беларусиянын спорттук жана маданий иш-чараларын токтотуусун сунуштады
Патрик О’Конор,Беларустун президенти Александр Лукашенконун чакыруусу боюнча 7-апрелде борбор шаар Минскке барган ДСУнун делегациясы иликтөөлөрүн бүтүргөн соң маалымат жыйын өткөрдү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Патрик О’Конор,беларуста жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын санааркатуучу абалда экенин белгилеп, өлкөдөгү бардык спорттук жана маданий иш-чаралардын жоюлушун сунуштады.
Патрик О’Конор,Беларустун президенти Александр Лукашенконун чакыруусу боюнча 7-апрелде борбор шаар Минскке барган ДСУнун делегациясы иликтөөлөрүн бүтүргөн соң маалымат жыйын өткөрдү.
Беларуста Ковид-19 пандемиясынын санааркатуучу болгонуна жана жуктуруп алгандардын артканына көңүл бурган Патрик О’Конор, өлкөдө кошумча чаралар көрүлүүүсү керектигин баса белгиледи.
Патрик О’Конор: «Бардык спорттук жана мадания иш-чаралардын жоблушун сунуштайбыз. Беларуста өткөн иш-чаралар Европага жана дүйнөгө таасир тийгизүүдө»,-деди.
Беларустун Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясында пандемиянын себебинен каза болгондордун саны 4 кишиге көбөйүп 23кө, вирустун дагы 245 кишиде аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын жалпы саны 2226га, айыгып чыккандардын саны 172ге жеткени маалымдалды.
Билим берүү министрлиги мектептердин эс алуу мөөнөтүнүн 18-апрелге чейин узарткан.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.