Коронавирус: Батыш өлкөлөрү

Батыш өлкөлөрүндө соңку абал.

1395402
Коронавирус: Батыш өлкөлөрү

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 94 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 600 миңден ашты. Ал эми айыккандардын саны болсо 350 миңден ашты.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын  саны акыркы 24 саатта 610 кишиге көбөйүп жалпы 18 миң 279га жетти. Алардын арасында 105 доктур жана 28 медицина кызматкери бар. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 96 миң 877ге жогорулады.

Францияда коронавирус 12 миң 210 кишинин өмүрүн алды. Ооруга чалдыккандардын саны болсо 4 миң 286га көбөйүп жалпы 86 миң 334 деп катталды.

Англияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 881ге көбөйүп жалпы 7 миң 978ге жогорулады. 16 миң 784 киши дарыланып жатат. Бул учурда үч күндөн бери дарыланып жаткан премьер-министр Борис Жонсондун реанимациядан чыккандыгы билдирилди.  

Илдеттен 15 миң 843 киши көз жумуп, 152 миң 446 кишиде вирус аныкталган Испанияда 14-мартта жарыяланган Өзгөчө кырдаал 26-апрелге чейин узартылды.

2 миң 431 өлүм катталган Германияда болсо дагы 7 түрк каза таап жалпы 49га жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 115 миңге жогорулады.

Бельгияда Ковид-19дан 3 миң 19 адам көз жумуп, 26 миң 667 киши вирусту жуктуруп алды.

Коронавирустун очогу абалындагы АКШда каза тапкандардын саны көбөйүүдө. 14 миң 831 киши көз жумуп, 432 миң 579 кишиде вирус аныкталды. Каза тапкандардын 799у Нью-Йоркто катталды. Ушундайча аймакта көз жумгандардын саны 7 миң 67ге жетти.

Бир тараптан АКШ флотуна караштуу "USS Theodore Roosevelt" учак конуучу кемесинен кийин  "USS Nimitz" жана "USS Ronald Reagan" учак конуучу кемелеринде да коронавирус аныкталды.

Австрияда дагы үч киши көз жумуп жалпы 54кө, илдетке чалдыккандардын саны 6 миң 204кө жетти.

Бразилияда оорудан каза тапкандардын саны 941ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 17 миң 857ге жогорулады.

  



Тектеш кабарлар