Дүйнө жүзү чара көрүүдө, бирок коронавирус ээ бербей жатат...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 82 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 433 миңден ашты.

1394146
Дүйнө жүзү чара көрүүдө, бирок коронавирус ээ бербей жатат...

 

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 82 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 433 миңден ашты. Ал эми айыккандардын саны болсо 302 миңден ашты.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын  саны акыркы 24 саатта 604 кишиге көбөйүп жалпы 17 миң 127ге жетти. 94 доктур жана 26 медицина кызматкери да көз жумган өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 94 миң 67ге жогорулады. Катар Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү максатында Италияга 2 жылып жүрүүчү оорукана жөнөттү.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 24 саатта 757 кишиге көбөйүп жалпы 14 миң 555ке жетти.

Францияда коронавирус бир күндүн ичинде 1 миң 427 кишинин өмүрүн алып каза тапкандардын жалпы саны 10 миң 328ге жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 109 миң 69 деп катталды.Атлантика океанында орун алган учак конуучу «Шарль де Голль» кемесинде 40 чакты кызматкерде Ковид-19 шеги болгондуктан 23-апрелге чейин өлкөгө кайта турганы билдирилди.

Германияда каза тапкандардын саны 2 миңден ашты. Өлкөдө акыркы 24 саатта жуктуруп алгандардын саны 4284кө көбөйүп ооруга чалдыккандардын саны 107 миң 659га жетти.

2 миң 428 адам көз жумуп, 20 миң 549 кишиге вирус жуккан Нидерландияда карылар үйүндөгү 107 жаштагы аял коронавирустан айыкты.

Англияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 786га көбөйүп жалпы 6 миң 159га жогорулады. Илдетти жуктуруп алгандардын саны болсо 3 миң 634 киши көбөйүп жалпы 55 миң 242 деп катталды.

Оорунун себебинен 50 адам көз жумуп, 6 миң кишиде вирус аныкталган Австралияда илдетти атайылап жуктургандар өмүр бою абак жазасына тартылат.

Бельгияда болсо вирустан каза тапкандардын саны 2 миң 240ка, инфекцияга чалдыккандардын саны 23 миң 403кө жогорулады. Бельгиянын борбордук банкы өлкө ичи дүң продукциянын Ковид-19дун себебинен быйыл 8 пайызга төмөндөй турганын жарыялады.

Балкан жана айрым Европа өлкөлөрүндө каза болгондор жана жуктуруп алгандардын саны төмөнкүчө;

Сербия 61/2447, Австрия 273/12734, Польша 136/5000, Португалия 380/13141, Швеция 687/8419, Швейцария 858/22789, Румыния 201/4761, Дания 218/5386, Финляндия 40/2487, Венгрия 58/895, Хорватия 19/1343, Словения 40/1091, Босния-Герцеговина 33/794, Албания 22/400, Черногория 2/248, Болгария 23/581, Түндүк Македония 26/599, Косова 4/165, Мальта 299, Чехия 5 миңден ашык учур катталган.

АКШда коронавирус пандемиясынын себебинен каза тапкандардын саны бир күндө 1 миң 918 кишиге көбөйүп 12 миң 911ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 31 миң 510го көбөйүп жалпы 399 миң 886га жетти. Нью-Йоркто оору күч алууда. Аймакта 4 миң 758 киши көз жумду.

Мексикада Ковид-19дун себебинен көз жумгандардын саны 125ке, ооруга чалдыккандардын саны болсо 2 миң 439 деп катталды.

Бразилияда 24 саатта 122 киши каза болуп жалпы 686га, вирусту жуктургандардын саны болсо 14 миң 18ге жетти.

Кариб өлкөлөрүндө да абал оорлошуп баратат.

Доминик Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда өлкөдө акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 12ге көбөйүп 98ге жетти, вирусту жуктуруп алган киши саны болсо 1956га жогорулады.

Кубанын Элдин Саламаттыгын сактоо министрлигинин жарыясында пандемиядан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 2ге көбөйүп 11ге, жуктуруп алгандардын саны 396га жеткени маалымдалды.

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо да жаңы типтеги коронавирус пандемиясынан эң көп таасир алган карантиндеги Гуаякиль шаарында үйлөрдөн жана ооруканалардан акыркы бир аптада 500 сөөктүн чыгарылганы жарыяланды. Эквадордо 3747 кишиде коронавирус аныкталды.



Тектеш кабарлар