Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустан каза болгондордун саны 80 миңден ашты.

1393432
Батыш өлкөлөрүндө коронавирустун көрсөткүчтөрү

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 80 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 400 миңден, айыккандардын саны болсо 300 миңден ашты.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын  саны акыркы 24 саатта 604 киши көбөйүп жалпы 17 миң 127ге жетти. 94 доктур жана 26 медицина кызматкери да көз жумган өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 94 миң 67ге жогорулады.

Францияда коронавирус бир күндүн ичинде 1 миң 427 кишинин өмүрүн алып каза тапкандардын жалпы саны 10 миң 328ге жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 109 миң 69 деп катталды.

2 миң 101 адам көз жумуп, 19 миң 580 кишиге вирус жуккан Нидерландияда карылар үйүндөгү 107 жаштагы аял коронавирустан айыкты.

Англияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 786га көбөйүп жалпы 6 миң 159га жогорулады. Илдетти жуктуруп алгандардын саны болсо 3 миң 634 киши көбөйүп жалпы 55 миң 242 деп катталды.

АКШда коронавирус пандемиясынын себебинен каза тапкандардын саны бир күндө 1 миң 339 киши көбөйүп 10 миң 993кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 30 миң 478ге көбөйүп жалпы 368 миң 449га жетти. Нью-Йоркто оору күч алууда. Аймакта 4 миң 758 киши көз жумду.

Мексикада Ковид-19дун себебинен көз жумгандардын саны 125ке, ооруга чалдыккандардын саны болсо 2 миң 439 деп катталды.



Тектеш кабарлар