Дүйнөдөгү бет кап согушу...

Өлкөлөр, мындан мурда буга окшошу көрүнбөгөндөй түрдө бири-бирилеринин буюртмаларын карактай баштады.

1392209
Дүйнөдөгү бет кап согушу...

Жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен өлкөлөрдүн арасында бет кап жана коргоочу каражаттар согуштары күч алууда.

Өлкөлөр, мындан мурда буга окшошу көрүнбөгөндөй түрдө бири-бирилеринин буюртмаларын карактай баштады.

Материктерди ашып өткөн бул согуштун биринчи мисалы марттын башында Чехия жана Италиянын ортосунда болду. Италия буюртма кылган 110 миң бет капты Чехия карактап алды. Маселе дипломатиялык киришүүлөр менен чечиле алды.

Италиянын башка бир маселеси Франция менен болду. Швециянын саламаттык сактоо фирмасы Mölnlyckeнин Кытайдан сатып алган бет каптарын 3-мартта Франция карактап алды. Вирустан эң көп таасир алган Италия жана Испанияга бара турган бет каптардын эркин кое берилиши үчүн Швеция өкмөтү процесске кирди.

Дипломатиялык аракеттин артынан бет каптардын жарымы гана Италия жана Испанияга жөнөтүлө алды. Фирма мындан кийинки буюртмаларды Бельгия аркылуу Италия жана Испанияга жөнөтө тургандарын жарыялады.

Германия дагы 8-мартта Швейцарияга кете турган 240 миң бет каптын экспортуна уруксат бербей товарларды конфискация кылды. Швейцария маселенин чечилиши үчүн дипломатиялык аракетин баштады.

Башка өлкөлөрдүн бет каптарын карактап алган Франция жана Германияга да ошондой эле мүшкүл түштү. Франциянын Пака аймагынын башчысы Рено Музелье,Кытайга буюртма кылган жана төлөмдөрү жасалган бет кап жана башка коргоочу каражаттардын АКШга жиберилгенин жарыялады.

Германия дагы пандемия менен күрөшүүгө карай колдонуу үчүн сатып алган 200 миң коргоочу бет капты АКШнын карактап алганын жарыялады.

Бет кап согушу АКШда штаттар жана федералдык өкмөттөрдүн ортосунда боло баштады. АКШнын басма сөзүнө караганда Массачусетс штаты сатып алган 3 миллион бет капты Нью-Йорк портунда аты билинбеген бир федералдык өкмөттүк мекеме карактап алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, коргоочу бет кап өндүрүүчүсү 3Мди бет кап экспорттоосун токтотуусу үчүн коркутту. Экспорттун уланышынын фирма үчүн «олуттуу натыйжалары боло турганын» билдирди.

Дүйнөдө пандемиянын себебинен каза болгондордун саны 70 миңден ашып, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 250 миңден ашты.



Тектеш кабарлар