Космонавт болуу үчүн 12000ден ашуун киши НАСАга кайрылды

Жаңы космонавт талапкерлеринин 2021 -  жылдын  жай айларында билдирилиши күтүлүүдө.

1390209
Космонавт болуу үчүн  12000ден ашуун киши  НАСАга кайрылды

Американын улуттук авиация жана космостук  агенттиги НАСА 2024 -  жылга чейин жасалышы пландалган учкучтуу айга жолчулук долбоору болгон  «Артемиске» 12 000ден ашуун кишинин кайрылгандыгын билдирди.

Маалыматта НАСАнын директору  Жим Бриденстин көз караштарына орун берилип : « «Артемис» программасы менен жаңы бир космостук чалгындоо дооруна кирдик. Америкалыктардын бизге кошулуу үчүн кайрылышкандарын көрүү бизди толкундантууда»,- дегени билдирилди.

«Артемис» программасына 2 -  мартта башталган кайрылуулар  31 -  мартта акырына чыккан.

Жаңы космонавт талапкерлеринин 2021 -  жылдын  жай айларында билдирилиши күтүлүүдө.

НАСА 1960 -  жылдардан бери космонавт  катары жетиштирүү үчүн 3520 кишини тандаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар