Коронавирус чыгышта таасирин улантууда
Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгон киши саны 53245тен, вирус жугузган киши саны да 1 миллиондон ашты.
Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгон киши саны 53245тен, вирус жугузган киши саны да 1 миллиондон 16793кө жогорулады. Вирус жугузган 213 164 киши айыкты.
Ковид - 19 эпидемиясы жайылган Кытайдын Хубэй аймагында дагы 4 киши каза болду. Ушуну менен Кытайда эпидемия башталгандан бери каза болгон киши саны 3322ге, бейтап саны 81620га жогорулады жана 76571 бейтап да айыкты.
Түштүк Кореяда Ковид - 19дан каза болгондордун саны 174кө чыгып, вирус жугузган киши саны 10000ден ашты.
Түндүк Кореяда болсо ушул кезге чейин вирус жугузгандар тууралуу маалымат берилген эмес. Өлкөдө бир жума мурда вирустун жугуштуу болуу ыктымалына карата медициналык көзөмөлдөө астындагы киши саны 2280ге жакын деп билдирген Түндүк Кореянын расмий агенттиги KCNA бул сандын 500 кишиге азайгандыгын жарыялады.
Россияда акыркы 24 саатта каза болгон киши саны 34кө жетип, вирус жугузган киши саны 4149га жогорулады. Өлкөдө 210 миңден ашуун кишинин медициналык көзөмөлдө экендиги билдирилди.
3160 киши вирустан каза болгон Иранда парламент спикери Али Ларижанинин Ковид - 19 тестинин позитив чыккандыгы билдирилди. Иран парламентинде бейтап саны 23кө жогорулап, Ларижанинин карантинге алынгандыгы белгиленди. Өлкөдө эки жумалык бир бөбөктө да коронавирус аныкталды.
Иракта вирустан 54 киши каза болуп, өлкөдө бейтап саны 772ге жогорулады.
Асад өкмөтү Сирияда көзөмөлгө алган аймактарда коронавирус жугузган киши саны 16га жеткендигин жарыялады. Андан мурда 2 кишинин каза тапкандыгы билдирилген Сирияда чыныгы бейтап саны дагы жогору болушунан тынчсыздануулар болууда. Ошол эле учурда БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсендин атайын кеңешчиси Нажат Рочди : «Жалпы Сирияда гуманиардык жардамдар мынчалык орчундуу болгон эмес»,- деп эскертти. Педерсендин жалпы Сирияны камтыган «чукул ок атышпоо чакыруусун» кайталагандыгын билдирген Рочди мунун Ковид - 19 менен күрөшүү жана Сирия калкынын дагы көп кыйынчылык тартпашы үчүн маанисин баса белгиледи.
Палестина өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 5 кишинин дагы Ковид - 19 вирусун жуктургандыгы, жалпы бейтап саны 160ка жогорулагандыгы маалымдалды.Өлкөдө коронавирустан улам жарыяланган өзгөчө кырдаал мөөнөтү 30 күнгө узартылды.
Израилде 37 киши көз жумуп, бейтап саны 7030 чыкты.
Ливияда коронавирустан бир киши каза болду.
Каза болгон киши саны 58ге жеткен Египетте вирус жугузган киши саны 856га жогорулады. Мароккодо болсо вирус жугузган жалпы киши саны 708.
Тунисте Ковид - 19дан каза болгондордун саны 13кө жетип, 500гө жакын киши каза болду.
Катарда коронавирустан 3 киши, Иорданияда болсо 5 киши каза болуп, Бириккен Араб Эмирликтеринде 42, Бахрейнде 643 бейтаптын бар экендиги белгиленди.
Суданда бейтап саны 8ге жогорулап, Иорданияда айыл - чарба министри Еш – Шехахиде Ковид - 19 кризиси тууралуу кээ бир «административдик жаңылыштыктардан» улам арызын берди.
Тогодо вирус жугузган 39 кишиден 2 киши каза болуп, 17 киши айыкты.
Камерунда 284 киши вирус жугузуп, булардан 7 киши каза болду жана 10 киши айыкты.
Африка материгинде Ковид - 19 вирусу эң кеч чыккан Бурундиде аныкталган 2 киши дүрбөлөңгө жол ачты. Өлкөнүн мурунку борбор шаары жана эң чоң шаары Бужумбурада тамак - аш жана тазалык товарларынын баасы ылдам өсүп, эл элет жерлерине баруу үчүн автовокзалдарга барышты.
Кыргызстанда коронавирустан бир киши каза тапты. Өлкөдө бейтап саны 130га жогорулады. Өзбекстандан Кыргызстанга 1000 тонна ун, 7000 коргоочу кийим, 20 000 кол кап жана 500 коргоочу көз айнек багышталды. Кытай өкмөтү да Кыргызстанга 21 миң Ковид - 19 ылдам диагностикалык тест тапшырды.
Индиянын премьер - министри Нарендра Моди өлкөушул кезге чейин коронавирустан 53 кишинин каза болгондугу, бейтап саны 1860 экендигин билдирди.
Индияда 24 - мартта көчөгө чыгууга тыюу салынгандан кийин эс алуу үчүн өлкөгө барган көп сандаган турист өлкөдө калды.