Дүйнө жүзүн тушап алган коронавирус

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 53 миң 245ке, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миллион 16 миң 793кө жетти.

1390626
Дүйнө жүзүн тушап алган коронавирус

Жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 53 миң 245ке, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миллион 16 миң 793кө жетти.

Испанияда 10 миң 348 вирустун себебинен каза тапкандар катталып, жуктуруп алгандардын саны 112 миң 65 деп жарыяланды.

Италияда Ковид-19дун себебинен көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 760 кишиге көбөйүп жалпы 13 миң 915ке жогорулады. Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Европанын бүгүнкү  күндө  Италияны колдогонун, бирок бул ар дайым мындай түрдө болбогонун белгилеп Рим башкаруучулугунан кечирим сурады. Италиянын La Repubblica гезитине кат жазып, Италиянын ЕБ өлкөлөрүнүн арасында Ковид-19дан эң көп таасир алган өлкө болгонун баса белгилеген Фон дер Ляйен: «Биргелешип кыймыл кылынышы керек болгонун, бул кризис башында билиниши керек эле, бирок эми ар ким өз өлкөсүндөгү проблемалар менен алпурушууда»,-деди.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны бир күндүн ичинде 471 кишиге көбөйүп 4 миң 503кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 52 миңден ашкан. Франциянын башкы штаб башчылыгынын жарыясында Франциянын Баркхане операциясынын алкагында Сахел аймагында кызмат кылган 4 аскерде Ковид-19 аныкталганы үчүн Францияга алып барылгандыгы белгиленди. Борбор шаар Парижде орун алган Рунгис эл аралык базарындагы бир амбар жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандар үчүн моргго айландырылат.

Германияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 1107ге жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 5 миң 478 кишиге көбөйүп 84 миң 794кө жеткен өлкөдө пандемиядан эң көп таасир алган провинция Бавария болду.

Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны Нидерландияда 1339га, жуктуруп алгандардын саны болсо 14 миң 697 болду.

Англияда 2 миң 921 киши каза таап,Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 33 миң 718 деп билдирилди.

АКШда болсо жаңы типтеги коронавирустун себебинен 6 миң 95 киши каза болуп,  245 миң 373 киши ооруну жугузуп алды. Падемиядан салыштырмалуу аз таасиар алган аймактардан 21 миң саламаттык сактоо кызматкерлери ыктыярдуу түрдө Нью-Йоркко барып жардам бермей болушту.

Канадада Ковид-19дун себебинен 173 киши каза таап, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 132ге жетти. Саламаттык сактоо мекемелеринде 60 миллион N95 үлгүсүндөгү бет кап жана медициналык коргоочу каражаттарга муктаждык болгону, акыркы бир канча күндүн ичинде булардан 11 миллион гана бет каптын камсыздалганы маалымдалды.  

Австралияда каза тапкандардын саны 27ге, жуктургандардын саны 5 миң 314кө жетти.

Латын Америка өлкөлөрүндө пандемиядан эң көп таасир алган Бразилияда каза тапкандардын саны 327ге, жуктуруп алгандардын саны 8 миң 66га жетти.

Ушул убакка дейре Ковид-19дун себебинен 55 киши каза болгон, вирус жуккан киши саны 1414кө жеткен Перуда, негизги муктаждыктарды камсыздоо үчүн аялдар жана эркектер башка –башка күндөрдө тышка чыгууга чечим чыгарылды.

Бир тараптан Ковид-19дун себебинен Бельгияда 1011, Швейцарияда 536, Швецияда 308, Португалияда 209, Австрияда 158, Данияда 123, Румынияда 116, Филиппинде 107, Ирландияда 98, Польшада 57, Грецияда 53, Мексикада 50 жана Норвегияда 50 киши каза болду.



Тектеш кабарлар