Италия жана Испаниядан медициналык материалдар үчүн Түркияга ыраазычылык билдирилди

Италия жана Испаниянын НАТОдогу Туруктуу өкүлчүлүктөрү Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) жиберген медициналык  материалдары үчүн ырахматын айтты.

1389471
Италия жана Испаниядан медициналык материалдар үчүн Түркияга ыраазычылык билдирилди

Италия жана Испаниянын НАТОдогу туруктуу өкүлчүлүктөрү Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) жиберген медициналык  материалдары үчүн ырахматын айтты.

Социалдык медиа барагы Твиттерден маалымат бөлүшкөн Италиянын НАТОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү, «Европа-Атлантика Апаатка чара көрүү координация борборунун демилгесинен кийин шериктешибиз Түркия, Италияга маанилүү медициналык материал жөнөтүүдө»,-деп айтты.

«Түрк досторубузга колдоо көрсөтүүлөрүнөн улам ыраазыбыз»,делген билдирүүсүндө, «Бирге дагы күчтүүбүз» жана «Биз НАТОбуз» этикеткасы да орун алды.

Испаниянын НАТОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү да, «Жаңы типтеги коронавирус (Kovid-19) менен күрөшүүдө биргебиз» деген билдирүүсү менен Түркияга ырахматын айтты.

Түркиянын НАТОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү болсо медициналык материалдар жүктөрү боюнча Азирети Мевлананын «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүттөр бар. Караңгы түндүн аркасында канчалаган күндөр бар», деген осуятын камтыган фотосүрөттү бөлүшүп, Италия жана Испания калкына салам жолдоду.



Тектеш кабарлар