Чыгыштын айласын кетирген коронавирус

Африка материгинде  вирус жукпаган өлкөлөр Лесото, Түштүк Судан, Йемен, Бурунди, Малави жана Батыш Сахара.

1388845
Чыгыштын айласын кетирген коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустан каза болгон киши саны 44000ден ашып, вирус жугузган киши саны 883000ге жакындады. Айыккандар болсо 176000ге жетти.

Иранда акыркы 24 саатта вирустан каза болгондордун саны 138ге өсүп жалпы 3036га жетти. 

Азербайжанда каза тапкандардын саны 5ке жетип, жалпы бейтап саны 267, айыккан бейтап саны 26га жогорулады. Өлкөдө 4602 киши карантинде.

Россияда каза болгон киши саны 24кө жетип, бейтап саны 2777ге жогорулады. Өкмөт карантин эрежелерин бузгандарга билдирүү жиберип маалымат берүүдө.27 аймакта көчөгө чыгууга тыюу салынды.Саламаттык сактоо министри Николай Брико жарандарды эскертип : "Россияда коронавирус эпидемиясынын эң жогорку чокусу келе жатат",- деп эскертти. 

Украинада саламаттык сактоо министрлиги 4 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 17ге жогорулагандыгын, бейтап саны 669га жеткендигин, 10 бейтаптын да айыккандыгын билдирди. 

 

Белорусияда жаңы тип коронавирустан 75 жаштагы бир театр оюнчусу каза болду. Жалпы саны 152 бейтап болгон өлкөдө президент Александр Лукашенко өткөн жумада берген маалыматында Ковид  - 19га карата катуу чараларга каршы чыгы : «Тизеге чөгүп өлгөндөн бутуңда туруп өлгөн артык. Бул жерде вирус жок»,- деген.

Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министри Виорика Думбравяну каза болгондордун саны 4кө чыккандыгын билдирди. Виорика Думбравяну дагы 55 кишиде вирустун чыгышы менен жалпы вирус жугузган киши саны 363кө жогорулагандыгын  белгиледи. 

Казакстанда вирустан 3 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 369га жетти.

Кыргызстанда бейтап саны 111ге жогорулады. 

Эпидемиядан 2 киши каза болгон Өзбекстанда  жалпы бейтап саны 173кө жогорулады. бир кишинин айыгышы менен жалпы айыккандардын саны 8ге жетти. 

Азырынча Ковид  - 19 вирусу кездешилбеген Түркмөнстанда көрүлгөн чаралар арттырылууда. Жергиликтүү басма сөздө орун алган маалыматка караганда өлкөдө аймактар аралык транспорт жана эл аралык учак каттамдары токтотулуп, спорттук беттештер, көргөзмөлөр, концерттер жоюлду. Орто мектептер үчүн эс алуу мөөнөтү 6 -  апрелге чейин узартылды.

Ковид  - 19дан улам 3 киши каза болгон Арменияда 30 бейтап айыкты.

Шаар ичи жана шаарлар аралык жүргүнчү жолуна тыюу салынган Грузияда  Ковид  - 19 жугузган киши саны 110го жогорулады.

Иракта жаңы типтеги коронавирустан көз жумгандардын саны 50гө, бейтап саны 694кө жогорулады.

Газада да вирус жуккан киши саны 12ге жетти. 

Палекстинада вирус жугузган киши саны 134кө жетти. Эл аралык Кызыл Крест Комитети жаңы типтеги коронавирус коркунучунан улам Израиль абактарындагы палестиналык кылмышкерлердин азайтылышын сунуш кылды. Эл аралык кызыл Крест Комитетинин Ковид  - 19 эпидемиясынан улам кылмышкерлердин ден соолугунан тынчсыздангандыгы белгиленген маалыматта кылмышкерлерге учурунда медициналык жардам берүү жоопкерчилигинин абак башкаруусуна таандык экендиги баса белгиленди. Палестина туткундар жамааты израилдик 2 абак кызматкеринде  коронавирус аныкталгандан кийин Израиль абактарындагы 5000ге жакын палестиналыктын вирус жугузуу менен бетме  - бет экендигин жарыялаган.

Израилде болсо коронавирустан каза болгондордун саны 21ге, вирус жугузган киши саны 5591ге жетти. Бейтаптардан 97 кишинин абалынын оор экендиги, 226 кишинин да айыккандыгы билдирилди. 

Тунисте болсо 10 киши каза болуп, бейтап саны 394 болду. Жалпы өлкөдө жарыяланган жана 4 - апрелде акырына чыга турган карантиндин 19 -  апрелге чейин узартылышына чечим чыгарылды. 

Мароккодо вирус жугузган киши саны 638ге, Кувейтте болсо 317ге, Ливанда 479га жогорулады. оманда болсо бейтап саны 210 деп билдирилди. Пакистанда 26 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 2042ге жетти. 

Мовританияда жаңы типтеги коронавирустан бир киши каза болду. Өлкөдө ушул кезге чейин 6 бейтап аныкталды.

Сенегалда француз футбол командасы Олимпик Марсилиянын мурунку төрагаларынан 68 жаштагы Папа Диуф коронавирустан каза болгон биринчи киши болду.  Өлкөдө акыркы маалыматтарга караганда 190 бейтап бар.  Бейтаптардан 45 киши айыкты.

Суданда да Ковид  - 19 эпидемиясында 2 киши каза болуп, бейтап саны 7ге жогорулады.

Мали 2 кишинин каза болгондугун, 28 кишиде вирустун бар экендигин билдирди. 

Гине республикасында 1 киши каза болуп, 30 бейтап бар ал эми Ганада болсо 196 кишиден вирус чыгып, 5 киши каза тапты. Нигерияда 2 киши каза болуп, 151 кишиде вирус аныкталды. 

Конго Демократиялык Республикасында  8 киши каза болуп, вирус жугузган киши 98 деп белгиленди.

Камерунда Ковид  - 19дан 6 киши каза болуп, өлкө тышынан келген жана мейманканаларда карантин астына алынган 94 жүргүнчүдөн 51 кишинин тести позитив чыкты. Өлкөдө жалпы бейтап саны 193кө жогорулады.

Африка материгинде  вирус жукпаган өлкөлөр Малави, Коморлор Бирмдиги, Лесото,  Сао Томе, Принсипи, Түштүк Судан деп билдирилди.



Тектеш кабарлар