Трамп менен Италиянын премьер-министри сүйлөштү

Трамп Италияга көңүл айтты.

1388380
Трамп менен Италиянын премьер-министри сүйлөштү

АКШнын президенти Трамп Ковид-19 пандемиясынан эң көп таасирленген өлкөлөрдөн болгон Италиянын премьер-министри Конте менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сүйлөшүүдө эки лидердин жаңы типтеги коронавируска байланыштуу акыркы абалды талкуулагандары маалымдалды.

Билдирүүдө: «Президент Трамп Италияда каза тапкандарга байланыштуу Контеге көңүл айтты» деген сөздөргө орун берилди.

АКШ Италия жана берки европалык шериктештери менен иштешүү убадасын кайталады.

Трамптын сүйлөшүүдө, вирустун жайылуусун алдын алуу жана муктаждыгы барлардын керектүү медициналык жардам алуусу үчүн АКШнын Италия жана берки европалык шериктештери менен иштешүү убадасын кайталагандыгы баса белгиленди.

Билдирүүдө, Трамп менен Контенин пандемиянын көзөмөлгө алынышы жана дүйнөлүк экономиканын жандандырылышы үчүн Чоң жети жана Чоң жыйырма тобу менен катар жакын кызматташтыктын улантылышы боюнча макулдашкандары кабарланды.  



Тектеш кабарлар