Иран Жогорку Карабахта бүгүн болушу күтүлүп жаткан шайлоо тууралуу билдирди

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Аббас Мусеви шайлоонун аймактагы чыңалууну арттырарын белгиледи.

1388450
Иран Жогорку Карабахта бүгүн болушу күтүлүп жаткан шайлоо тууралуу билдирди

Иран Армения тарабынан басып алынган Азербайжандын Жогорку Карабах аймагындагы шайлоонун Карабах меселесинин чечилишин кыйындатары боюнча эскертти.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Аббас Мусеви Жогорку Карабах маселеси боюнча бүгүн өткөрүлүшү күтүлүп жаткан жалгандан президенттик жана парламенттик шайлоого байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Мусеви  : «Биз эки коңшубуз тактап айтканда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы маселелердин чечилишин кыйын абалга түшүрө турган жана баш  - аламан кыла турган мындай кыймылдан алыс турулушу керектигине ишенебиз»,- деди.

Шайлоонун аймактагы чыңалууну арттырарын белгилеген Мусеви : «Иран аймакта чыңалууну жана келишпестикти арттыра турган бардык кадамдарга каршыбыз»,- деди.

Мусеви өзгөчө Карабах маселесинин эл аралык мыйзамдын негизинде жана тынчтыкчыл методдор менен чечилишинин маанисин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар