Коронавирус: Чыгыш өлкөлөрү жана Африка материги...

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза болгондордун саны 34 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 735 миңден ашты.

1387915
Коронавирус: Чыгыш өлкөлөрү жана Африка материги...

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза болгондордун саны 34 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 735 миңден ашты.

Коронавирус алгач пайда болгон өлкө Кытайда акыркы 24 саатта дагы 4 киши каза болушу менен каза болгондордун жалпы саны 3304, жуктуруп алгандардын саны болсо 81 миң 470 болду. 322 бейтаптын айыгып чыгышы менен өлкөдө жалпы айыгып чыккандардын саны 75 миң 770ке жогорулады. Кытайдагы 20 провинцияда акыркы 4 аптада өлкө ичинен келип чыккан жаңы вирус кездешилген жок.

Түштүк Кореяда каза болгондордун саны 158 болсо, жуктуруп алгандардын саны 9 миң 661ге жетти. Вирус жуккан 5 миң 228 киши болсо айыгып чыкты. Өлкө башкаруучулугу жаңы типтеги коронавирус пандемиясына каршы алдын алуу максатында шаршемби күнүнөн тарта чет өлкөдөн өлкөгө киргендерге «2 апта мажбур карантин ишке ашыруу» чечимин чыгарды.

Иранда акыркы 24 саатта коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 117ге көбөйүп, 2 миң 757ге, жуктуруп алгандардын саны 3 миң 186га артып 41 миң 495ке жогорулады. Бейтаптардан 3 миң 511нин абалы оор, 13 миң 911 кишинин болсо айыгып чыкканы жарыяланды.

Сирияда жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен алгачкы өлүм катталып, жуктуруп алган 9 киши болгону жарыяланды.

Мароккодо жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) аныкталган 17 айлык бир ымыркай баланын көз жумгандыгы жарыяланды. Өлкөдө жалпы каза тапкандар 27ге, жуктуруп алгандар 450гө жетти.

Израилде жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза тапкандардын саны 16га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкөдө Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 3865ке жогорулаганын маалымдады.

Палестинада дагы 7 кишиде коронавирус аныкталышы менен жалпы жуктуруп алгандардын саны 115ке жогорулады. Палетина башкаруучулугу Кызыл Кресттен, Израилдин абактарындагы палестиндердин Ковид-19дан сакталышы үчүн чара көрүлүшүн талап кылды. Израилдин абактарында 43 аял, 180 бала, 700ү өнөкөткө айланган оорусу болгон 5 миң палестин бар.

Орусияда каза тапкандардын саны 9га, жуктуруп алгандардын саны 1836га жогорулады.

Ковид-19 пандемиясынын себебинен 25 киши каза тапкан, жуктуруп алгандарлын саны 979га жогорулаган Индияда, премьер-министр Нарендра Моди, жугуштуу оорунун жайылуусуна бөгөт болуш үчүн өкмөттүн катуу чара көрүүлөрүнөн улам кыйын абалда калган атуулдардан кечирим сурады.

Моди: «Айрымдарыңыздын мага кыжырдана турганыңыздарды билемин, бирок бул катуу чара көрүүлөр бул согушту жеңип чыгуу үчүн керектүү»,-деди.

Модинин билдирүүсү, көчөгө чыгууга тыюу салуунун себебинен он миңдеген мигрант жумушчунун жумушсуз калышы жана коомдук транспорт тейлебегендиктен үйлөрүнө жөө кайтууга аракет кылуусунан кийин айтылды.

Сахаранын астындагы Африка өлкөлөрүнөн жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен алгачкы өлүм катталган Буркина Фасодо, транспорт, шаардык кыймылдуулук жана жол коопсуздугу министри Винсент Дабилгоу, Ковид-19 тести позитив болуп чыкканын жарыялаган. Мындан мурда да Тышкы иштер жана билим берүү министри менен катар 5 министрде Ковид-19 аныкталган өлкөдө 12 киши каза болгон.

Батыш Африка өлкөсү Сенегалда Ковид-19ду жуктуруп алгандарын саны 12ге көбөйүп 115ке жетти. Өлкөдө Ковид-19 жуккан 27 киши айыкты.

Бир киши каза тапкан Нигерияда ушул убакка дейре Ковид-19ду жуктуруп алган 97 киши аныкталды.

Кот-д-Ивуарда алгачкы Ковид-19дун себебинен өлүм катталды.

Анголада Ковид-19дан алгачкы өлүм катталды. Эки аптадай мурда Португалиядан кайткан эки Ангола жараны Ковид-19дун себебинен каза болду. Ушул убакка дейре жуктуруп алган 7 киши кездешкен өлкөдө миңден ашуун киши карантинде кармалууда.

Кенияда болсо ооруга чалдыккан Рабаи эл өкүлү Камоти Мвамкале менен байланышы болгонунан шектелген 50дөн ашуун эл өкүлү жана парламент кызматкери тест кыллырышт үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Ковид-19дун себебинен тыгыз чаралар көрүлгөн өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 42.

Египетте болсо каза тапкандар 40, жуктуруп алгандардын саны 609 болду.

Тунис Ковид-19дун себебинен каза тапкандарын санын 8, жуктуруп алгандардын санын 312 деп жарыялады.

Иорданиянын Саламаттык сактоо министри Саад Жабир, ковид-19дун себебинен үчүнчү киши каза болгонун, 13 кишиде дагы Ковид-19 аныкталганын, ушундайча жалпы жуктуруп алгандардын санынын 259га жеткенин, дарыланып чыккандардын саны 18 киши болгонун айтты.

Ливанда акыркы 24 саатта 1 кишинин пандемияга жеңилип каза болушу менен каза тапкандардын саны 11ге жогорулады. Өлкөдө дагы 8 кишиде Ковид-19 аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын саны 446ге жетти.

Катарда ушул убакка дейре Ковид-19дун себебинен бир киши каза таап, жуктуруп алгандардын саны 44кө көбөйүп 634кө жогорулады. Дарыланып жаткандардан 45и айыкты.

Жапонияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандарлын саны 67ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 2608ге жетти. Өлкөнүн атактуу куудулдарынан Кен Шимура да Ковид-19 боюнча дарыланып жаткан ооруканада 70 жашында көз жумду.

Европа өлкөлөрүнөн кеткен кишилер аркылуу Африкага кирген Ковид-19 Бурунди, Лесото, Сиера-Лоен, Комор аралдары жана Түштүк Судандан тышкаркы 46 өлкөдө аныкталды. Вирус материкке жеткен февралб айынан бери 150 киши каза таап, 5 миңден ашуун кишиде вирус аныкталды.

Азербайжанда дагы 64 кишиде коронавирус аныкталды. Жалпы өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 273кө жогорулады.

 



Тектеш кабарлар