Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 33 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 700 миңден ашты.

1387263
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 34 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 723 миңден ашты.

Италияда Ковид-19дун себебинен көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 756 киши көбөйүп жалпы 10 миң 779га жетти.

Испанияда болсо каза тапкандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 812 киши көбөйүп 7 миң 340 деп катталды.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 292 киши көбөйүп 2 миң 606га жетти. Өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 2 миң 599 киши көбөйүп 40 миң 174кө, реанимацияда дарыланып жаткандардын саны да 4 миң 632ге жеткендиги, 7 миң 132 бейтаптын болсо айыккандыгы билдирилди.

 Бир күндүн ичинде көз жумгандардын саны 2 миң 433 киши көбөйүп 17 миң 89га жеткен Англияда, Улуттук саламаттык сактоо директорунун орун басары Женни Харрис, өлүмдөрдүн өзгөчө алдыдагы эки аптада көбөйүшү мүмкүн экендиги боюнча эскертти. 

АКШда болсо жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 2 миң 433кө жетти. Нью-Йоркто эле бир күндүн ичинде ооруга чалдыккандардын саны 60 миңге жакындады. Өлкөнүн жалпысында кызмат кылган коопсуздук бөлүктөрүнүн да оорудан катуу таасирленгендери белгиленди. Бүгүнкү күнгө чейин 690 полиция кызматкеринде Ковид-19 аныкталды. Ооруканага жаткарылган полициялардан экөө каза тапты.

18 киши көз жумган Австралияда болсо Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 4 миң 203 деп катталды.



Тектеш кабарлар