Испания Европа Биримдигин сынга алды

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан эң көп таасирленген  өлкөлөрдүн бири болгон Испания биргеликте күрөшүү жана жардам тууралуу Европа Биримдигинин аракетке өтпөгөндүгүн  сынга алды.

1386511
Испания Европа Биримдигин сынга алды

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан эң көп таасирленген  өлкөлөрдүн бири болгон Испания биргеликте күрөшүү жана жардам тууралуу Европа Биримдигинин аракетке өтпөгөндүгүн  сынга алды.

Европа Бримдигине мүчө 27 өлкөнүн лидерлеринин  мурунку күнү видеоконференция жолу аркылуу өткөргөн Ковид  - 19 тууралуу жыйынынан жыйынтык чыкпагандыктан кечээ Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез твиттерден маалымат берди. Санчез : «Муундун эң жаман кризиси менен беме – бет келип турабыз. Европа долбоорунун келечеги коркунучта. Координациялуу жана бекем бир Европа Биримдиги менен жекечилик арасында тандап жатабыз. Биз Европаны жактайбыз. Бул өзгөчө кырдаалга жооп берүүнү талап кылабыз»,- деди.

Ковид  - 19дан эң көп таасирленген Испания менен Италия Европа Биримдиги жыйынында башка мүчө өлкөлөрдөн «ачык, күчтүү жана координациялуу финансылык план» талап кылып, басма сөзгө билдирилген маалыматтарда эң башта Германия менен Нидерландиянын буга каршы чыккандыгы белгиленген.  

«Евопа Биримдигинде коронавируска бериле турган экономикалык жоопто бөлүнүү» деген темада маалымат жарыялаган Испания басма сөзү Европа Биримдигинин лидерлеринин бул келишпестикке чечүүчү жол табуу үчүн алдыларында 2 жумалык сүйлөшүү процессинин бар экендигин жазды.



Тектеш кабарлар