ДСУ вируска карата вакцина тууралуу билдирди

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус вакцина үчүн 12 – 18 ай күтүү керектигин айтты.

1386509
ДСУ вируска карата вакцина тууралуу билдирди

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Ковид  - 19 вакцинасы үчүн эң аз  12 – 18 ай күтүү керектигин айтты.

Башкы директор Гебреисус Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда видео конференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында : «Ковид  - 19 вирусу үчүн вакцина эң аз  12 – 18 ай алыстыкта. Бул убакыттын ичинде бейтаптарды дарылоо жана куткаруу үчүн дарылоочуларга чукул түрдө муктаж экендигибизди да кабыл алабыз»,- деди.

Жалпы дүйнөдө жарым миллион Ковид  - 19 жугузган кишинин аныкталгандыгын, 20 000ден ашуун кишинин каза болгондугун эске салган Гебреисус : «Булар  олуттуу сандар. Бирок жалпы дүйнөдө жүз миңдеген кишинин тирүү экендигин ойлойлу»,- деди.

Гебреисус өзгөчө медицина кызматкерлери колдонгон жеке коргоочу каражаттар тууралуу  болгон «хроникалык глобалдык кыйынчылыктын»  «өмүрдү куткаруу үчүн берилген орток аракеттер үчүн эң чоң коркунуч» экендигин баса белгиледи.

74 өлкөгө 2 миллион жеке коргоочу каражаттардын жиберилгендигин айткан Гебреисус 60 өлкөгө да ушуга жакын көлөмдө каражат жиберүү үчүн даярдык көрүшкөндөрүн маалымдады.

Гебреисус : «Дагы көп керек. Бул маселе эл аралык кызматташуу жана тилектештик менен гана чечиле алат»,- деди.

 «Ковид  - 19 пандемиясы менен күрөшүү үчүн бириккиле. Эч бир өлкө жалгыз күрөшө албайт. Бир гана биримдик менен күрөшө алабыз»,- деди Гебреисус.



Тектеш кабарлар