Кытайда эпидемиядан 3287 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 81 285ке жогорулады

Жаңы тип коронавирус ылдам түрдө жайылып, каза болгон киши саны 22000ге жетип, вирус жуккан киши саны 500 000ден ашты.

1385832
Кытайда эпидемиядан 3287 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 81 285ке жогорулады

Жаңы тип коронавирус ылдам түрдө жайылып, каза болгон киши саны 22000ге жетип, вирус жуккан киши саны 533 000ден ашты.

Иранда акыркы 24 саатта коронавирустун айынан 144 киши каза болуп, жалпы каза болгон киши саны 2378ге жогорулады. 

Эпидемия биринчи чыккан өлкө Кытайда өлкө тышынан келген бейтаптардын санынын өсүшү менен чет өлкөлүктөргө «убактылуу түрдө өлкөгө киришине тыюу» салынды. Өлкөдө эпидемиядан 3287 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 81 285ке жогорулагандыгы белгиленди.

Азербайжанда Ковид- 19 вирусунан 3 киши каза болуп, 104 киши дарыланууда. Өлкөдө абакта жаткан кээ бир кишилерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу башталып, адилеттик министрлиги 200 кишинин эркин койо берилгендигин билдирди.

Израиль блокадасы астындагы Газа тилкесинен эл аралык мекемелерге коронавирус менен күрөшүү үчүн чукул түрдө 23 миллион доллар жардам берүүгө чакыруу салынды. Жетекчилер БУУдан да саламаттык сактоо тармагындагы чукул муктаждыктардын камсыз кылынышы жана Газадагы блокаданын жоюлушу үчүн дароо аракетке өтүлүшүн суранды.

Орусияда 3 киши каза болуп, Министрлер Кеңеши өлкө масштабында "өзгөчө кырдаалдын» жарыяланышын күткөн мыйзам долбоорун парламенттин астыңкы канаты Думага сунуштады. Билим берүү жана билим министрлиги да окуучулардын 28 -марттан 5 -апрелге чейин эс алууга чыгарын жарыялады. Ошол эле учурда карантин эрежесин бузган 500 киши тууралуу териштирүү баштатылды.

Вирус жугузган киши саны 149га жеткен жана бир киши каза болгон Молдова окуу жайларынын 15 -майга чейин жабык болорун жарыялады.

Украинада болсо 156 киши вирус жугузуп, 5 киши каза болду.

Грузияда өкмөттүн Ковид- 19 тууралуу берген маалыматына караганда вирус жугузган киши саны 79га жогорулады.

Өзбекстанда коронавирустан бир киши көз жумуп, бейтап саны 83кө жогорулады. 

Вирустан 5 киши каза болгон Ливанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19дан таңкы саат 5ке чейин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Өлкөдө 29 - мартта аякташы күтүлгөн мобилизациялоо 12 - апрелге чейин узартылды.

Катарда 12 кишиден дагы вирустун аныкталышы менен вирус жуккан киши саны 549га чыкты. Эртеңден баштап өлкөдө кафе, спорттук борборлору менен көңүл ачуу жерлеринин жабылары жарыяланды.

Иорданияда болсо 40 кишиден да коронавирус аныкталып жалпы бейтап саны 212ге жогорулады.

Тунисте 5 киши каза болуп, бейтап саны 200гө жетти.

Алжирде болсо каза болгондордун саны 25ке жетип, вирус жугузгандардын жалпы саны 367 болду.

Бангладеште аракандык 1 миллионго жакын качкын жашаган 34 лагерь карантинге алынды.

Буркина Фасодо 7 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 152ге жетти жана борбор шаар менен бирге 8 шаар карантинге алынды. 

Жалпы Индонезияда 78 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 893кө жогорулады.  Тыюу салууларга баш ийбеген кишилерге 1 жыл абак жазасы берилет. 

Африка материгинде  коронавиурстан 83 киши каза болуп, бейтап саны 3246кө жетти. Жалпы материкте 24 өлкөнүн чек араларын жапкандыгы, 10 өлкөнүн эл аралык каттамдарды токтоткондугу белгиленди. 

Африка өлкөлөрүнүн дээрлик баары мажбур түрдө карантинге алынып, жалпы 14 өлкө да кээ бир өлкөлөргө саякат жана кээ бир өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн саякатына чектөө киргизди. 

Кенияда болсо Ковид  - 19 вирусунан бир киши көз жумду. Бейтаптын Түштүк Африкадан келгендиги билдирилди. 

Эң көп коронавирус жугузган киши болгон Түштүк Африкада да 2 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 1000ден ашты. 

 



Тектеш кабарлар