Качкындар чек арадан кетишти
Алар Түркиянын Эдирне шаарында карантинге алынат.
1386186
Европага өтүү үчүн бир айдан бери Греция чек арасында күтүп турган баш калкалоочулар аймактан чыгып кетишти.
Чек арада күткөн качкындар жаңы типтеги коронавирустун себебинен чатырларда жашоонун туура эмес экендигин эске алышты.
«Греция каалгаларын ачып калышы мүмкүн» деген үмүтүн үзгөн качкындар аймактан кетүүнү каалашты.
Качкындар кетүүнү каалагандарын Эдирненин облустук миграция башкармалыгына билдиришти.
Аймактагы баш калкалоочулар, Эдирне губернаторлугунун координациясында автобустар менен 14 күн карантинге алына турчу коной үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 192 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.