Дональд Трамп менен Макрон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү

Дональд Трамп менен Еммануэль Макрон жаңы тип коронавирус менен күрөштө кызматташунун маанисин баса белгилешти.

1386138
Дональд Трамп менен Макрон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Еммануэль Макрон жаңы тип коронавирус менен күрөштө кызматташунун маанисин баса белгилешти.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Трамп менен Макрон Ковид- 19 менен күрөшүү аракеттери менен вирустун экономикалык таасирлерин да карап чыккан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эки лидер сүйлөшүүдө Ковид- 19 эпидемиясын ылдам түрдө жок кылуу жана вирустун экономикалык таасирлерин эң азга түшүрүү үчүн Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму, ИМФ жана Дүйнө Банкы сыяктуу эл аралык мекемелерге жардам берүү үчүн Г- 7, Г – 20 өлкөлөрү менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү Кытай, Франция, Россия, Британия, АКШнын ортосундагы кызматташуунун маанилүү экендигин белгилешти.

Трамп менен Макрон негизги эки тараптуу жана аймактык маселелерди да карап чыгышты.



Тектеш кабарлар