Антонио Гутерреш 2 миллиард доллар глобалдык гуманитардык жардам планын баштады

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш бүткүл дүйнөнүн вируска каршы биргеликте күрөшүшү керектигин айтты.

1385419
Антонио Гутерреш  2 миллиард доллар глобалдык гуманитардык жардам планын баштады

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндө коронавирус  менен күрөшүү үчүн 2 миллиард доллар глобалдык гуманитардык жардам планын баштады.

Гутерреш эпидемия тууралуу берген маалыматында Ковид  - 19дун бүткүл адамзатты коркунучка салгандыгы жана өлкөлөрдүн жеке күрөшүнүн жетерлик болбой тургандыгын, бүткүл дүйнөнүн вируска каршы биргеликте күрөшүшү керектигин айтты.

Саламаттык сактоо системалары күчтүү болгон өлкөлөрдүн да кысым астында экендигин жана азыр болсо вирустун согуш, табигый апаат жана климаттык алмашуу себеп болгон адамзаттык кризис менен алп урушуп жаткан өлкөлөргө жеткендигине көңүлдөрдү бурган Гутерреш таза суу жана самынга да жете албаган кишилердин абалы оорлошкондо ооруканада керебет жана дем алдыруу аппараттарынын жетишсиз болорун эскертти.

Бүгүн дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндө Ковид  - 19 менен күрөшүүнү колдоо үчүн 2 миллиард доллар глобалдык гуманитардык жардам планын баштап жатабыз»,- деген Гутерреш өкмөттөрдү глобалдык жардам планына колдоо көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар