Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү "Тынчтык шамалы" операциясын баштады

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү борбор калаа Триполинин түштүгүндөгү Хафтер террористтерине каршы операция баштады.

1385039
Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү "Тынчтык шамалы" операциясын баштады

БУУ багытында мыйзамдуу Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү борбор калаа Триполинин түштүгүндөгү Хафтер террористтерине каршы операция баштады.

Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу Ыза Вулканы операциясынын маалымат борборунан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда өлкөнүн түштүк чыгыш жагындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер террористтерине каршы бардык фронтто «Тынчтык шамалы» операциясын баштаганын жарыялады.

Жарыяда операциянын Хафтер террористтери жана жалданма аскерлеринин ок атпоону бузуп Триполидеги жарандык отурукташуу аянттарына снаряд менен ата баштаганы белгиленди.

Хафтер террористтери кечээ Триполинин түштүгүндө Айн Зара аймагындагы ооруканага кол салган жана 3 кызматкерди жаралаган. Акыркы 2 күндө ошол эле аймакка снаяраддар менен кол салууда 6 жаран каза тапкан.

Бир тараптан «Тынчтык шамалы» операциясынын командири генерал-лейтенант Усаме Жухейли, Ливиянын улуттук аскердик аба базасын каратып алгандарын жана айрым террористтерди дагы туткунга түшүргөндөрүн жарыялады.



Тектеш кабарлар