ДСУ:«Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын жаңы чордону АКШ болушу мүмкүн »

Харрис, БУУнун Женевадагы кеңсесинде видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйынында Ковид-19 пандемиясынын себебинен дүйнөдө каза тапкандардын санынын чоң өлчөмдө көбөйө турганы боюнча эскертти.

1384933
ДСУ:«Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын жаңы чордону АКШ болушу мүмкүн »

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) басма сөз катчысы Маргарет Харрис, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын жаңы чордонунун АКШ болушу мүмкүн экенин айтты.

ДСУнун катчысы Харрис, акыркы 24 саатта Европа жана АКШдан билдирилген жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жуктуруп алгандардын саны бүткүл дүйнөдөгү жуктуруп алгандардын 85 пайызын түзгөнүн белгилеп, АКШнын пандемиянын жаңы чордону болушу мүмкүн экенин айтты.

Харрис, БУУнун Женевадагы кеңсесинде видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйынында Ковид-19 пандемиясынын себебинен дүйнөдө каза тапкандардын санынын чоң өлчөмдө көбөйө турганы боюнча эскертти.

Пандемиянын ылдам жайылуусун улантканына көңүл бурган Харрис: «Батыш Африкада ушул убакка дейре болгон эң жаман Эбола эпидемиясында 11 миң өлүм 2 жылда болду, ушул себептен бул учурда чындап эле чоң жугуштуу ооруга туш болдук»,-деп айтты.

Харрис, Европа жана АКШнын эпидемия эң көп кездешкен аймактарга айланганын белгилеп, «Акыркы 24 саатта маалымдалган жуктуруп алгандардын 85 пайызы Европа жана АКШдан келди. Булардан орто эсеп менен 40 пайызы АКШдан»,-деп айтты.

Айрым өлкөлөрдүн көчөгө чыгууга тыюу салуу жана карантин сыяктуу ишке ашырууларынын пандемияны акырындатышы мүмкүн экенине токтолгон Харрис, мындай түрдөгү чара көрүүлөрдүн саламаттык сактоо уюмдары жана кызматкерлерине дагы убакыт бере турганын кеп кылды.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебреесус, 13-марттагы жарыясында Европанын Ковид-19 пандемиясынын жаңы чордонуна айланганын жарыялаган болчу.
 



Тектеш кабарлар