Чыгыш өлкөлөрүнө жайылган коронавирус

Иранда вирустан каза болгон киши саны 2000ге жетип, 6 жаштагы бир баланын да каза болушу  бүткүл дүйнөнү санаага салды.

Чыгыш өлкөлөрүнө жайылган коронавирус

Жаңы тип коронавирус ылдам жайылып каза болгон киши саны барган сайын артууда.

Иранда вирустан каза болгон киши саны 2077ге жетип, 6 жаштагы бир баланын да каза болушу  бүткүл дүйнөнү санаага салды. Каза  болгондордун арасында бир коопсуздук директору да бар. Борбор шаар Тегерандагы жарманке аянтында армия тарабынан 2000 орундуктуу убактылуу оорукана курулду. 

Иракта жаңы тип коронавирустан дагы 4 кишинин каза болушу менен каза болгон киши саны 27ге жогорулады. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 316га жетип, 75 кишинин да айыккандыгы билдирилди.  

Ушул кезге чейин бир бейтап аныкталган Газа тилкесиндеги Фонддор жана дин иштери министрлиги Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде аймактагы бардык мечиттердин бүгүндөн баштап 2 жумага жабыларына чечим чыгарды.

Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  - Кудра Израилдин 13 жылдан узун убакыттан берки блокадасынын айынан лабораториялардагы материалдардын аздыгы менен бирге негизги дарылардын 39 пайызынын, медициналык аппараттардын 23 пайызынын, кан запастарынын 60 пайызынын жетишпегендигин айтты. Палестиналыктардын өмүрүнөн Израилдин жооптуу экендигин баса белгилеген Кудра Израилдин аймактагы саламаттык сактоо жана адамзаттык тейлөөнү аткарган механизмдерди системалуу түрдө күчсүздөнтүүнүн, Газаны коронавирус менен күрөшүүдө коркунучтуу кесилишке багыттагандыгын айтты. Кудра БУУнун бардык тийиштүү мекемелерине «Газадагы блокаданын жоюлушу менен бирге коронавирус менен күрөшүү үчүн дем алдыруучу аппарат, дары  - дармек, медициналык каражаттар, лабораториялык каражаттар сыяктуу чукул муктаждыктарды камсыздоо чакыруусун кайталады.

Израилде болсо 4 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 930га жогорулады.

Афганстанда НАТОнун негизинде кызмат кылган 4 чет элдик аскерден коронавирустун аныкталгандыгы билдирилди. Бул аскерлердин италиян экендиги да келген кабарлардын арасында.

Бирккен Араб Эмирликтеринде 50 кишиде дагы вирус аныкталып жалпы вирус жугузган киши саны 248ге жогорулады. Вируз жугузгандардан 45 кишинин да айыккандыгы билдирилди.

Катарда 25 кишиде вирустун аныкталышы менен өлкөдөгү жалпы бейтап саны 526га жетти.

Иорданиянын саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 26 кишиде вирус аныкталып, жалпы бейтап саны 153кө жогорулагандыгын жарыялады.

Египет башкаруусу вирустан каза болгон киши санын 19, вирус жугузган киши санын 406 деп билдирди. Египетте жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00 – 06:00 арасында көчөгө чыгууга тыюу салынары маалымдалды.

Мароккодо вирустан каза болгондордун саны 5ке жогорулап, жугузган киши саны 170ке жетти.

Ливияда Оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук борборунун фейсбук баракчасынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 1 кишиде Ковид  - 19дун аныкталгандыгы билдирилди. Ушундайча өлкөдө биринчи бейтап аныкталган болду.

Индияда Ковид  - 19 вирусунун жайылышына тоскоол болуу максатында калктын 21 күн үйлөрүнөн чыгуусуна тыюу салынды.

Сауд Арабия  башкаруусу коронавирус менен күрөшүү үчүн кезектешкен башкаруучусу болгон чоң жыйырмалардын лидерлери менен  бейшемби күнү кезексиз  "санариптик саммиттин" өткөрүлөрүн жарыялады. 

Малайзияда өкмөт эпидемияга каршы жарыялаган "күнүмдүк иш чараларды чектөөнүн14 - апрелге чейин узартуу чечимин чыгарды. Өлкөдөгү бейтап саны 1796га жетип, ушул кезге чейин 17 киши каза тапты. 

Филиппиндерде каза болгондордун саны 38ге, вирус жугузган киши саны 636га жогорулады. Ошол эле учурда Филиппиндерде коммунист партизандар БУУнун башкы катчысы Гутеррештин Ковид  - 19 эпидемиясы учурунда бүткүл дүйнөдө куралдуу кагылышууларды токтотуу чакыруусуна жооп катары ок атышпоого өтүшөрүн жарыялады. 

Бангладеште 4 киши вирустан каза болуп, вирус жуктурган киши саны 39ге жетти. Өлкөдө кургактык жолу менен аткарылган бардык транспорт 26 -  марттан 4 -  мартка чейин токтотулду.

Нигерия эпидемия менен күрөшүүнүн негизинде бардык кургактык чек араларын 4 жумалык мөөнөт менен жаап, Кот-д'Ивуарда кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.00 – 05:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынды.



Тектеш кабарлар