Батыш өлкөлөрүндө күч алган коронавирус

Коронавирустун жайылуусу уланып жатат.

Батыш өлкөлөрүндө күч алган коронавирус

Жаңы типтеги коронавирус себеп болгон көрүнүш Европада күн өткөн сайын оорлошууда.

Италияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 743кө көбөйүп 6 миң 820 кишиге жетти. Өлкөдө себепсиз көчөгө чыккандарга 3 миң евролук жаза берилет.

2 миң 696 киши Ковид-19дан көз жумган Испанияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миң 584кө көбөйүп 39 миң 673кө жетти. Ушундайча Испанияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дун себебинен каза тапкандар менен ооруга чалдыккандардын саны боюнча жогорку көрсөткүч катталды.

Францияда бир күндүн ичинде дээрлик саат сайын 10 киши коронавирустан каза тапты. Өлкөдө 24 сааттын ичинде каза тапкандардын саны 240ка көбөйүп 1 миң 100 кишиге жетти.

Нидерландияда болсо акыркы 24 сааттын ичинде каза тапкандардын саны 63кө көбөйүп 276га жетти.

Германияда акыркы 24 сааттын ичинде 39 адам көз жумду. Өлкөдө Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны ушундайча 149га, вирусту жуктургандардын саны 31 миң 554кө жетти. Айрым аймактарда көчөгө чыгуунун жазасы 25 миң еврого чейин көтөрүлдү.

Бельгияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миңге жакындады.

422 киши көз жумуп, 8 миң киши вирусту жуктурган Англияда борбор шаар Лондондогу жарманке борборун убактылуу түрдө 4 миң орундуу ооруканага айландырууга чечим чыгарылды.

Оорудан 28 адам каза тапкан Австрияда вирусту жуктургандардын саны 4 миң 876га жетти.

Польшада коронавистун каза тапкан 9 киши, Чехияда 2 киши катталды.

Оорудан 797 адам көз жумган АКШда вируска чалдыккандардын саны 55 миң 222 деп катталды. Нью-Йоркто Ковид-19га каршы таасирдүү болушу күтүлгөн дары сынала баштады.  

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо Ковид-19дан каза тапкандардын саны 27ге, вирусту жуктургандардын саны 1 миң 49га жетти.

Австралияда арасында 9 жана 7 жаштарындагы 2 бала да болгон 138 кишиде Ковид-19 аныкталганы боюнча жалпы вирусту жуктургандардын саны 2 миң 317ге жеткендиги кабарланды.

 



Тектеш кабарлар