АКШ Конгрессине Кытайды жоопко тартуу боюнча долбоор сунушталды

Республикачыл сенатор Жош Хоули жана Өкүлдөр палатасынын Республикачыл эл өкүлү Элиз Стефаник тарабынан сунушталган долбоордо Кытайдын Ковид-19га карата «жетээрсиз жана шектүү мамилеси» айыпталды.

1384634
АКШ Конгрессине Кытайды жоопко тартуу боюнча долбоор сунушталды

АКШ Конгрессине Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын Пекин бийлиги тарабынан жашырылганы туурасында айтымдардын териштирилиши талабы менен долбоор сунушталды.

Республикачыл сенатор Жош Хоули жана Өкүлдөр палатасынын Республикачыл эл өкүлү Элиз Стефаник тарабынан сунушталган долбоордо Кытайдын Ковид-19га карата «жетээрсиз жана шектүү мамилеси» да айыпталды.

«Кытайдын вирусту жашыруу аракетинин эл аралык коомчулукка тийгизген зыянынын аныкталышы» талап кылынган долбоордо, эпидемиядан таасир алгандар үчүн бул өлкөдөн кун алууну камсыздаган механизмдин түзүлүүсү боюнча чакырык салынды.

Бул тема тууралуу маалымат жыйын өткөргөн Хоули, Кытайдын Коммунисттик партиясынын эпидемия туурасында алгачкы күндөн бери дүйнө жүзүнө атайылап жалган айтканын жактады.

Хоули: «Кытай башкаруучулугу, вирустун чындыгын декабрь айынын башынан бери билген, бирок лабораторияларга өрнөктөрдү жок кылуу буйругун берди жана доктурларды үн катпоого мажбурлады»,-деп айтты.

Стефаник болсо эпидемиянын себебинен дүйнө жүзү тарткан зыян боюнча Кытайдын жооптуу экенин белгилеп: «Кытайдын вирустун кеңири жана өлүмгө алып баруучу таасирлерин атайылап жашыруу чечимин чыгаруусу жүздөгөн америкалык менен катар дүйнөдөгү миңдеген адамдын өмүрүн алды. Жөнөкөй  айтыш керек болсо, бул долбоор (эпидемия боюнча) Кытайды жоопко тартуу чакырыгы болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар