Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгон киши саны 16500дөн ашты

Вирус жуккан киши саны 382000ден ашты.

1384220
Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгон киши саны 16500дөн ашты

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгон киши саны 16500дөн ашты. Вирус жуккан киши саны 382000ден ашты.

Иранда вирустан каза болгон киши саны 934кө жетип, диний лидер Али Хаманейдин уулу Мейсемдин кайын энеси Сеййиде Иззет Хамушинин да каза болгондугу билдирилди. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 24811ге жетти. Өлкөдө 6 жаштагы бир баланын да Ковид  - 19дан каза болгондугу билдирилди. Президент Хасан Рухани жаңы тип коронавирустан жалпы өлкөдөгү чектөөлөрдүн 3 -  апрелге чейин узартылгандыгын билдирип, ооруканага кайрылгандар менен өлүм катнашынын төмөндөй баштагандыгын белгиледи.

Иран парламенти Жарандык мыйзамы фракциясынын башчысы Абдулкерим Хүсейинзаде коронавирустун жайылышына тоскоол болуу үчүн өлкөдөгү бардык иш чараларды бир айлык мөөнөт менен токтотууга чакырды.

Ирандагы Ковид  - 19 Билим Кеңешинин мүчөлөрүнөн профессор Месуд Мердани 2000ге жакын киши каза тапкан өлкөсүндө вирустун дагы көп жайылышына тоскоол болуу үчүн саякаттарга тыюу салынбаса бир апааттын болушу мүмкүн экендиги боюнча эскертти. Араларында Түркия да болгон кээ бир өлкөлөрдүн бул процессте Иранга карата гуманитардык жардамдарынан мактоо менен сөз кылган Мердани : «Иранга гуманиардык жардам жиберген өлкөлөрдүн башында Түркия, Катар, Кытай жана Бириккен Араб Эмирликтери турат. Көптөгөн жылдардан бери соода карым  - катнаштарыбыз болгон Европа Биримдиги өлкөлөрү болсо андай олуттуу жардам берген жок»,- деди.

Иракта жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 24кө жогорулады. Өкмөткө караштуу Коронавирус кризис желеси өлкөдө көчөгө чыгууга тыюу салууну 29 -  мартка чейин узарткан. Коопсуздук жана саламаттык сактоо  мекемелеринин тышында бардык расмий мекемелер да жабылды.

111 киши каза болгон Түштүк Кореяда 8961 киши Ковид  - 19ду жуктуруп, 93 жаштагы бир бейтаптын айыккандыгы билдирилди.

Ковид  - 19 ортого чыккан Кытайда акыркы бир жумада ортого чыккан бейтаптардын көпчүлүгүнүн өлкө тышынан келген кишилер экендиги билдирилди.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Ковид  - 19дан улам жазасынын жарымын аткарган кылмышкерлер үчүн амнистия чечимин чыгарды. Палестина расмий маалыматтарына караганда Газада аныкталган эки киши менен өлкөдөгү Ковид  - 19 бейтап саны 59га жогорулады.

Израилдин саламаттык сактоо министрлиги Ковид  - 19 аныкталган киши саны 656га жеткендигин алардын ичинен 31 кишинин абалынын оор  экендигин маалымдады.

Молдовада вирус жугузган киши саны 109ге жеткен болсо, Азербайжанда 61, Кыргызстанда 16, Украинада 73, Арменияда 194, Грузияда 61 киши болду.

Сауд Арабияда болсо вирустан каза болгондор болбостон, саламаттык сактоо министрлиги 51 кишиде дагы вирустун аныкталгандыгын билдирди. Акыркы маалыматтар менен жалпы бейтап саны 562ге жогорулагандыгы билдирилген маалыматта 19 кишинин да айыккандыгы маалымдалды.

Тунисте коронавирус жугузган киши саны 89га, Мароккодо 143, Оманда 66, Кувейтте 189, Катарда 501, Иорданияда 128 кишиге жетти.

Филиппиндерде вирустан 33 киши каза болуп, 396 кишиге вирус жуккан. Мамлекет башчысы Родриго  Дутертеге вирус менен күрөшүүнүн негизинде өзгөчө кырдаал жарыялоо жоопкерчилигин берген мыйзам долбоору парламент комиссиясында бекитилди.

8 киши каза болгон Индияда Ковид  - 19 вирусунан улам айдын акырына чейин көчөгө чыгууга туюу салынды. Индияда ушул кезге чейин 425 бейтап чыкты.

Малайзия өкмөтү Индия жана Испаниядагы жарандарын эвакуациялады.

Непалда болсо бүгүндөн баштап бир жума мөөнөт менен мажбур болмоюнча тышка чыкпоо жолдомосу берилди.

Япония 18 Европа өлкөсү менен Иранга саякат кылууга тыюу салды.

Таиландда вирус менен күрөшүүнүн негизинде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өзгөчө кырдаал өкмөткө көчөгө чыгууга тыюу салуу, басма сөзгө цензура, жыйындарды таркатуу жана керектүү боло турган болсо аскерлерди жайгаштыруу сыяктуу жоопкерчиликтерди берди.

Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Зимбабведе вирустан бринчи жолу бир кишинин каза болгондугу билдирилди.

Африка өлкөлөрүндө Ковид  - 19 вирусун жугузган киши саны 1788ге, каза болгондордун саны 58ге жетти.

Лаосто болсо Ковид  - 19 вирусун жугузган биринчи киши аныкталды.

 

 



Тектеш кабарлар