Ливияда Халифе Хафтер күчтөрү кол салды

Кол салууда бир кишинин жаралангандыгы билдирилди.

1382328
Ливияда Халифе Хафтер күчтөрү кол салды

Ливиянын чыгышындагы расмий болбогон куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилер борбор шаар Триполинин түштүгүндөгү жарандар жашаган маалаларга кол салды.

Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү Улуттук ынтымактык өкмөтүнө караштуу «Кыжырдануу вулканы» операциясы тарабынан берилген маалыматта жарандык отурукташуу жерлерине, мектептерге жана мекемелерге карата жасалган кол салуулар менен ок атышпоо эрежесинин бузулгандыгы белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кеңешчиси Эмин  ел  -  Хашими Триполинин борборундагы эски шаарды бутага алган бомбалоодо бир жарандын жаралангандыгын билдирди.

Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү бейшемби күнү Хафтер куралдуу күчтөрүнүн өткөн жумада жүргүзгөн операцияларынын ийгиликсиздикке учуратылгандыгын жарыялган.



Тектеш кабарлар