Европа Биримдиги бюджет эрежелерин токтото турууну сунуш кылды

Европа Биримдиги Комиссиясы коронавирустан улам мүчө өлкөлөрдүн коомдук керектөөлөрүн чектеген эрежелерин токтото турууну сунуш кылды.

1382378
Европа Биримдиги бюджет эрежелерин токтото турууну сунуш кылды

Европа Биримдиги Комиссиясы коронавирустан улам мүчө өлкөлөрдүн коомдук керектөөлөрүн чектеген эрежелерин токтото турууну сунуш кылды.

Европа Биримдиги Комиссиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта коронавирустун экономикалык таасирине ылдам түрдө кийлигишүү үчүн  Европа Биримдигинин Ырааттуулук жана Өсүү Келишиминдеги баш тарттыруу беренесин ишке киргизүү процессинин баштатылгандыгын билдирди.

Ырааттуулук жана Өсүү Келишими Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн коомдук керектөөлөрүн жана бюджет кемчиликтерин чектеген катуу эрежелерди камтыйт.

Европа Биримдиги Кеңешинин бекитүүсү менен ишке кире турган берене мүчө өлкөлөрдүн коомдук керектөөлөрүн кризис мезгилинде эркин койо берүүдө.

Европа Биримдигинин эрежелери боюнча мүчө өлкөлөрдүн бюджет кемчиликтеринин Улуттук кирешелеринин 3 пайызын, коомдук карыздарынын да Улуттук кирешенин 60 пайызынын астында болуу шартын киргизүүдө.

Нормалдуу шарттарда бул чектер ашып өтүлгөндө ишке ашырыла турган чаралардын билдирилиши жана ушуга карата шарттар орундатылышы керек.



Тектеш кабарлар