Коронавирус чыгышта адамдардын өмүрүн алууну улантууда
Иранда мурунку 5 саламаттык сактоо министри президент Хасан Руханини чукул чара көрүүгө чакырды.
Декабрь айында ортого чыгып бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген коронавирус кишилердин өмүрүн алууну улантууда.
Каза болгон киши саны 1284 болгон, бейтап саны 17361ге жогорулаган Иранда мурунку 5 саламаттык сактоо министри президент Хасан Руханини чукул чара көрүүгө чакырды. Рухани дарыкана жана маркеттердин тышында иш жерлери менен дүкөндөрдүн жабылышына жолдомо берди.
Саламаттык сактоо министри Саид Немеки «маалыматтарды жашырды» деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды... «Позитив чыгып бирок элге билдирбеген эч бир бейтап жок»,- деди.
Ирактын түштүгүндөгү Басра жана Зикар облустарында эки киши вирустан каза болуп, жалпы өлкөдө каза болгон киши саны 14 жетти.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саламаттык сактоо министри Али Пилли 12 немис турист жана бир Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаранында коронавирустун аныкталышы менен бейтап саны 33кө чыккандыгын айтты.
Тунисте коронавирустан биринчи жолу бир киши каза болду. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 39га жогорулады.
Бир киши каза болгон Азербайжанда бейтап саны 33кө жогорулап, 10 бейтап айыкты.
Россияда болсо коронавирусун жугузган киши саны 199га жогорулады.
Бир тараптан россиялык жетекчилер коронавируска каршы чыгарылган вакцинанын тестин башташкандарын билдиришти. 16 -мартта башталган тестирлөөдөн оң жыйынтык чыга турган болсо вакцинанын 2020 -жылдын акыркы чейрегинде базарга чыгары белгиленди.
Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Диас Ахметшарип борбор шаар Нур Султанда 7 кишиде дагы вирустун аныкталгандыгын билдирди. Ушундайча жалпы өлкөдө бейтап саны 44 болду.
Армениянын саламаттык сактоо министри Арсен Торосян да вирустун дагы 7 кишиде аныкталгандыгын, 122 кишинин карантинде экендигин билдирди.
Израилдин саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирус аныкталган киши саны 572кө жеткендигин жарыялады. Бул кишилердин арасында 10 аскер да бар.
Палестиналык топтор болсо Израиль абактарындагы палестиналыктардынкоронавирустан коргоонуу үчүн Тель Авив башкаруусуна кысым жасалышын талап кылышы.
Өзбекстанда бейтап саны 23кө жетип, Молдовада дарыланган 36 бейтап бар.
Батыш Африка өлкөсү Нигерияда жаңы тип коронавирустан биринчи жолу бир киши каза болду. Каза болгон кишинин 27 жаштагы бир АКШ жараны экендиги, бул киши байланышкан бир шофердун анализдеринин да позитив чыккандыгы, бейтаптын карантинге алынгандыгы белгиленди.
Африкада 633 киши вирус жугузуп, 17 киши каза болду.