Дин иштеринин төрагасы да Чанаккале жеңиши тууралуу билдирүү жарыялады
Эрбаш : «Чанаккале жеңиши улут катары биригип, сабырдуулук жана чечкиндүүлүк менен күрөшкөндө бардык кыйынчылыктарды жеңүүнүн эң ачык көрсөткүчү».
Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш Чанаккале жеңишинин улут катары биригип, сабырдуулук жана чечкиндүүлүк менен күрөшкөндө бардык кыйынчылыктарды жеңүүнүн эң ачык көрсөткүчү экендигин белгиледи.
Эрбаш Чанаккале жеңишинин 105 - жылына карата билдирүү жарыялады.
Бүгүн мекени жана баалуулуктары үчүн көркөмдүү тарыхтын эң чоң каармандык дастандарынын бирин жазган Чанаккале жеңишинин 105 - жылы экендигин эске салган Эрбаш Чанаккаленин бир гана аймактын эле эмес, улуу бир ишеничтин, адамзаттын эркиндиги экендигин айткан Эрбаш Чанаккаленин Йеменден Косовага, Багдаттан Сараевого, түрк, албан, күрт, араб, бошняк жана дагы бир топ улутка таандык мусулмандардын бир бир дене сыяктуу бири биринин кыйынчылыгын сезип, бирдикте күрөшүп, жанаша шейит болгон асыл жана сыймыктуу бир күрөш экендигин белгиледи.
Эрбаш : «Чанаккале жеңиши улут катары биригип, сабырдуулук жана чечкиндүүлүк менен күрөшкөндө бардык кыйынчылыктарды жеңүүнүн эң ачык көрсөткүчү»,- деди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.