Жаңы түр коронавирус вакцинасы үчүн биринчи тестирлөө

Коронавируска каршы чыгарылган вакцина ыктыярдуу болгон 43 жаштагы Женнифер Халлер аттуу бир аялга колдонулду.

1379703
Жаңы түр коронавирус вакцинасы үчүн биринчи тестирлөө

Жаңы түр коронавирус вакцинасы үчүн биринчи тест жасалды.

АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча улуттук институтунан  (NIAID) берилген маалыматта коронавируска каршы чыгарылган вакцина ыктыярдуу болгон 43 жаштагы Женнифер Халлер аттуу бир аялга колдонулду.

Вакцинаны тестирлөө иши Сиэтледеги Каизер Перманенте Вашингтон Изилдөө Институтунда ишке ашырылды.

Улуттук саламаттык сактоо институттары тарабынан берилген маалыматта : «Ачык клиникалык эмгек 6 жумага жакын убакытта 18 – 55 жаш арасындагы ден соолугу чың 45 ыктыярдуу катышуучуну камтыйт. Биринчи катышуучу вакцина дозасын алды»,- деп билдирилди.

Ыктыярдуулардын вакцинанын таасирдүү жана ишенимдүү болуп же болбогондугун белгилөө үчүн  түрдүү баскычтардан өтүүсү керек.

АКШлык жетекчилер эгерде бардык нерсе пландалгандай боло утрган болсо вакцинанын бир же бир жарым жылдын ичинде даяр болорун белгилешти.

Вакцина Улуттук саламаттык сактоо институттарынын илимпоздору жана заманбап биотехнология фирмасы тарабынан чыгарылды. Эпидемияларга каршы даярдык коалициясы болсо тесттин ишке ашырылышы үчүн фонд түздү.



Тектеш кабарлар