Триполинин түштүгүндө Хафтер күчтөрү жеңилүүгө учуратылды

Ливиялык тараптардын 12 -  январда Түркия жана Россиянын ок атышпоо сунушун кабыл алганына карабастан Хафтерге караштуу куралдуу күчтөр ок атышпоо эрежесин бузууну улантууда

1379576
Триполинин түштүгүндө Хафтер күчтөрү жеңилүүгө учуратылды

БУУнун негизинде таанылган Ливия Улуттук ынтымактык өкмөтүнө караштуу күчтөр өлкөнүн чыгышындагы расмий болбогон куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер күчтөрүнүн борбор шаар Триполинин түштүгүнө жасаган кол салуусун жеңилүүгө учуратты.

Улуттук ынтымактык  өкмөтү жүргүзгөн «Кыжырдануу вулканы» операциясынын катчысы Мустафа ел  -  Межеи Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин Триполинин түштүгүндөгү Ер  -  Рамлеге кол салгандыгын айтты.

Межеи өкмөт күчтөрүнүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул жерди колго алууга аракет кылган Хафтер күчтөрүнүн кол салуусун жеңилүүгө учураткандыгын белгиледи.

Ливиялык тараптардын 12 -  январда Түркия жана Россиянын ок атышпоо сунушун кабыл алганына карабастан Хафтерге караштуу куралдуу күчтөр ок атышпоо эрежесин бузууну улантууда.



Тектеш кабарлар