Грек коопсуздук топтору качкындардын буюмдарын колунан алышты

Качкындар грек жээк коопсуздук топтору тарабынан акча жана телефондорунун алынгандыгын айтышты.

1378196
Грек коопсуздук топтору качкындардын буюмдарын колунан алышты

Өлкөлөрүндөгү согуш жана ички ирээтсиздиктен качып Европага өтүү үчүн Грециянын Лесбос аралына барган качкындар кечээ грек жээк коопсуздук топтору тарабынан буюмдарынын алынгандыгын билдиришти.

Бейшемби күнү грек жээк коопсуздук топтору тарабынан түнү Моливос портуна алып барылган 25ке жакын качкын түндү суу болгон кийимдери менен көчөдө өткөрүүгө мажбур болушту.

Качкындар грек жээк коопсуздук топтору тарабынан акча жана телефондорунун алынгандыгын айтышты.

Абдан аз тамак берилгендигин билдирген бир качкын : «Эмне кылышарын билбеймин. Бир нерсе айткандан да коркуп турабыз.  Сүйлөсөк катуу мамиле кылышат. Биздин бир жолдошубузду  катуу токмоктошту. Бир саат өзүнө келе алган жок. Көзүнө бир нерсе чачышыптыр. Бир канча убакыт көзүн ача албады»,- деди.



Тектеш кабарлар