Израиль аскерлери Батыш Шериада палестиналыктарга таандык үйдү кулатты
Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын Бейтуллахим шаарында палестиналыктарга таандык бир үйдү уруксатсыз деген негиз менен кулатты.
1377150

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын Бейтуллахим шаарында палестиналыктарга таандык бир үйдү уруксатсыз деген негиз менен кулатты.
Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Бейтуллахим шаарынын элетиндеги Ел – Фердис айылынын тургундарынан Хазым Хашим Эбу Мухаймид аттуу бир палестиналыкка таандык 130 метр квадраттык бир кабаттуу үй Израиль аскерлери тарабынан кулатылды.
Кабарда Израиль аскерлеринин айылдагы башка бир палестиналыктын үйүн тинткендиги, курулуп жаткан бир үйдү уруксатсыз деген негиз менен кулаткандыгы да белгиленди.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.