Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Коронавирус чыгыштагы өлкөлөрдө жайылып баратат.

1376694
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Covid-19 эң биринчи күч алган Кытайда вирустан каза тапкандардын саны 3 миң 172 кишиге жетти.

Иранда болсо президенттин биринчи орун басары Исхак Жихангиринин коронавируска кабылгандыгы айтылууда.

Өлкөдө 354 киши каза болуп, вирусту жуктургандардын саны 9 миңден ашты.

Азербайжанда дагы эки кишиде коронавирус аныкталгандан кийин өлкөнүн жалпысында вирусту жуктургандардын саны 12ге жетти.

Катарда болсо дагы 238 кишиде жаңы коронавирус аныкталгандыгы жана вирусту жуктургандардын саны 262ге жеткендиги кабарланды.



Тектеш кабарлар